Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:21

Элчилер ишине эч ким күнөөлү эмеспи?


БИШКЕК. Эгерде парламент «Шайлоо кодексинин» 69 беренесине регламентти бузбай өзгөртүү киргизип, элчилердин шайлоого катышуусуна жол ачканда, анда мен ал мыйзамга сөзсүз кол коймокмун. Дегеле мен жана Борборшайлоокомдун төрагасы кодекске андай норманын киргизилишине каршы болгонбуз. Анткени элчилер чет өлкөдө биздин өлкөнүн тапшырмасы менен жүрөт деп эсептеймин , деп билдирген президент Аскар Акаев 28-январда «Независимая газетасына» берген маегинде. Ал эми Борборшайкоомдун төрагасы Сулайман Иманбаев Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев 20-январда «Шайлоо кодексинин» 69 беренесине өзгөртүү киргизүү маселесин добуш берүүгө туура эмес коюп, аны менен президентке зыян келтирди деп 28-январда билдирди. Төрага Эркебаев болсо регламентке ылайык иш жүргүзгөнүн билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG