Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Шайлоо учурунда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүлөт


«Симмера» эл аралык уюмдары тарабынан Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлөт. Эл аралык стандарттардын негизинде өткөрүлө турган мындай иш-чаранын башкы максаты: парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда маалымат каражаттырында үгүт иштеринин, жалпысынан шайлоо жараяндарынын мыйзам чегинде чагылдырышына байкоо жүргүзүү. Мындай иш-чарага Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан 42 миң евро бөлүндү. Мониторинг өлкөдөгү 150 басылма жана 34 электрондук маалымат каражаттарын камтыйт. Байкоо иштерине Кыргызстандын бардык аймактарынан жергиликтүү 30 журналист катышат. Мониторингдин жыйынтыктары маалымат каражаттарында жарыяланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG