Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Дүйнөлүк банк Ооганстанга 27 миллион доллардык жаңы грант бөлдү.


Дүйнөлүк банк 27-январда Ооганстанга жаңы 27 миллион долларлык грант берүүнү чечти. Ошол эле күнү жарык көргөн Эл аралык валюта корунун жаңы отчетунда Ооганстандын экономикасын жандантуу багытында көрүлүп жаткан аракеттер жогору бааланган, аны менен катар өлкөдө өтө көп апийим өндүрүлүп жатканы сынга алынган. Отчетто келтирилген маалыматтарга караганда, үстүбүздөгү жылы өлкөдөгү экономикалык өсүш 8 пайызга жетет, бирок ага апийим өндүрүшү да салым кошот. Талибан кыймылы бийликтен кулатылгандан кийин өлкөдөгү бир жылдык өсүш 29 пайызга жеткен, ал эми дүйнөлүк апийимдин 70 пайызы азыр Ооганстандан чыгат.

XS
SM
MD
LG