Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Газа тилкесиндеги жергиликтүү шайлоодо 'Хамас' уюму жеңип чыкты.


27-январда Газа тилкесинде өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоодо биз утуп чыктык деп "Хамас" уюмунун жетекчилиги жарыялады. Алардын айтымында, шайлоо өткөрүлгөн 10 чөлкөмдүн жетисинде "Хамастын" өкүлдөрү жеңди. Уюмдун басма сөз катчысы Мушир ал-Масринин айтымында, бул жыйынтык Палестина элинин да жеңиши: Бул - оккупацияга алынган Палестина элинин да утушу. Мен ойлойм, "Хамастын" бул жеңиши кеңири мааниге ээ, шайлоо көрсөткөндөй, эл реформа каалайт, "Хамас" дагы шайлоого реформа жүргүзүш керек деген ураан менен чыккан жана андай реформа өткөрүүгө жөндөмдүү". Йордан дарыясынын батыш жээгинде шайлоо декабрда өткөрүлгөн жана анда дагы "Хамастын" өкүлдөрү бир нече чөлкөмдө жеңишке жетишкен.

XS
SM
MD
LG