Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

УКРАИН ЭЛЧИСИ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ


Бекташ Шамшиев, Бишкек. 28-январда Украинанын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Александр Болденюк маалымат жыйынын өткөрдү. Украинадагы соңку саясий окуяларга токтолгон элчи кыргыз-украин экономикалык карым-катыштарды дагы күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Украина ушу тапта жаамы дүйнөнүн көңүл борборунда турган бакубат өлкө. «Сары ыңкылап» менен коштолгон бийликтин алмашуусу Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигиндеги биртоп мамлекеттерди кыйла кооптонтуп койгон белем, кийинки кездери украин жөрөлгөсү кыргыз бийлигинин да итиркейин келтирүүдө.

Саясий окуялардын чоо-жайына баа берүүдөн көрө эки өлкөнүн экономикалык карым-катышы маанилүү экенин баса белгилеген Украинанын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Александр Болденюк расмий Киевдин позициясын момундайча чечмеледи:

- Сиздер айткан В.Ющенкону жаманатты кылуу, андай иш расмий басылмаларда болушу мүмкүн эмес. Жана айтпадымбы, В.Ющенко азыр жөн-жай адам эмес, мамлекеттин башчысы. Чынымы айтсам, ал кызматка киришкенден бери андай сөздү уга элекмин. Албетте, биз Украинадагы окуяларды кайсы бир сырткы факторлорго байланыштырып түшүндүрүүнү туура эмес деп эсептейбиз. Муну Кыргызстандагылар да түшүнүүсү керек. Себеп дегенде, Кыргызстан да эгемен өлкө, ошондон ал ички ишине кийлигишкендерди жактырбайт. Билесиздер, расмий бийликтин, расмий өкүлдүн айткан сөзү Кыргызстандын расмий позициясы катары кабылданышы мүмкүн. Украина өз чечимин Кыргызстандын расмий бийлигинин баалашына жол бербейт, өлкөнүн ички ишине кийлигишпөө саясатын жактайт. Мындай аракет эки тараптан тең болушу керек,- деп айтты Александр Болденюк.

Анын айтымында, Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында массалык түрдө мыйзам бузуулар катталган. Маселен, Николаев облусунда добуш бергендердин 30% башка жерлерден келгендер болсо, 20% добушту шайлоочулардын үйүнө барып чогултуп келген көрсөткүч экени ачыкка чыккан. Шайлоо учурундагы атаандаштардын бирөөнө деп жабыла мыйзам бузуу фактылары Жогорку сотто далилденди, ошондон шайлоонун үчүнчү айлампасында көз будамайлыкка катуу чектөө коюлду, деп маалымдады Украина дипломаты.

Александр Болденюк Украинанын Кыргызстанга карызы жок деп билдирди:

- Бул өзү татал суроо. Карыз маселеси жок, бирок да ал тууралуу өтөле көп айтылууда. Айрымдар бул маселени жөнөкөйлөштүрүп Украина менен Кыргызстандын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы 1992-1993-жылкы өз ара эсептешүү, сальдо дегенди карызга которуп түшүндүрүп келишүүдө. Сальдо маселеси бар, карыз маселеси жок. Сальдо өлчөмү кандай, ал карыз катары киреби, муну такташ үчүн атайын эксперттерден турган комиссия түзүлүүдө. Азыр аны мамлекеттер аралык деңгээлде карабастан, алгач эксперттер карап чыгышсын деген чечимге келишкен.

Мындай билдирүүдөн бир күн мурда улуттук телекөрсөтүү аркылуу кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев Украинанын Кыргызстанга 28 миллион доллар карыз экенин дагы бир ирет эскертти:

- Бизге Украина 28 миллион доллар карыз дейбиз. Бирок алардын өзүнчө эсеби бар… Биз бул маселе боюнча иштеп жатабыз. Украинада бийлик алмашты, президенти, өкмөтү жаңыланды. Мурдагы өкмөтү менен Каржы министрлиги, Улуттук банк деңгээлинде карыз карыз экени, аны кайтаруу тууралуу макулдашкан болчубуз. Азыр Украинада жаңы өкмөт ишке киришкени турат. Биз алардын алдына да ушул маселени коебуз. 28 миллион долларды алар акчалай же товар түрүндө кайтарышы керек. Маселени катуу коебуз. Бул акча бизге керек,- дейт Николай Танаев.

Украина ушу тапта башка өлкөлөр менен алака-катышын кеңейтип, экономикалык маселелерге өзгөчө маани берүүдө. Украинанын Кыргызстандагы убактылуу өкүлү расмий Киев Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин, анан да өз өлкөсүнүн ички саясий ишине кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок экендигин эскертип өттү.

XS
SM
MD
LG