Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

ЕККУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДОГУ ҮГҮТ ИШТЕРИНЕ БАЙКОО САЛАТ


Бүбүкан Досалиева, Бишкек. Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын шайлоодогу үгүт иштерине байкоо салуу долбоору «Парламентке шайлоо» деп аталат. Ал 31-январда башталып, жыйынтыгы 14-мартта жарыя кылынат. Аны жүргүзүү үчүн массалык маалымат каражаттары боюнча кесипкөй 30 байкоочу тандалып алынды.

Алар өлкөнүн Бишкек баштаган ири шаарларындагы атайын жайларда кечки бештен түнкү бирге жана таңкы жетиден күндүзгү үчкө чейин 150 электрондук маалымат каражатынын жана 34 гезиттин ишмердүүлүгүнө байкоо салып, Шайлоо Кодексининин үгүт иштерин жүргүзүү талаптарынын так аткарылышын тескейт. Көз карандысыз мындай ишти жүргүзүү үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму 42 миң евро бөлдү.
ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Марина Дмитриеванын айтымында, байкоонун жыйынтыгы бардык эл аралык уюмдардын байкоочулары үчүн кызык:

-Байкоонун жыйынтыгы ЕККУнун Бишкектеги борбору үчүн гана эмес уюмдун байкоочулары үчүн да абдан маанилүү. Бул долбоор алардын байкоосуна байланыштуу эмес, бирок, алар өз отчетторунда аны сөзсүз камтыйт. Албетте, жыйынтык ЕККУнун башкы кеңсесине жөнөтүлөт жана ал уюмдун Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарын колдоо концепциясын ишке ашырууда эске алынат.

Анткен менен Кыргызстандын калкы массалык маалымат каражаттарынын шайлоо маалындагы үгүт иштеринин мыйзам чегинде же андан аша кеткендиги жөнүндөгү маалыматтарды шайлоо өнөктүк маалында ала алышпайт. Анткени, ага Шайлоо Кодексининин 31-беренесининин 3-пункту жол бербейт. Бул беренеде бардык түрдөгү сурамжылоо, социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалыматтын таратылышына тыюу салынган. Байкоо салуу долбоорунун координатору Кубан Мамбеталиевдин айтымында, бирок,эгер талапкерлердин үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар боюнча талаш болсо ал факт болуп бере алат:

-Биз берген маалыматтар негиз болуп калат. Маселен, мына мобу күнү момундай болуп мыйзам бузулган,аны Борбордук Шайлоо комиссиясы эске алган жок деген талаш болгон учурда мониторингде байкалган расмий жыйынтыктарды алып туруп,анын негизинде кайра каратууга негиз болуп бере алат. Ал далилдерди салыштырып туруп, мыйзам бузган депутатты кийин деле мандатынан ажыратып салууга болот. Биз ошондой фактыларды чогултуп беребиз. Алар ушундай талаштуу жагдайларга зарыл болбосо, аны чогултуунун эмне кереги бар? Биз аларды талаш учурунда факт болуусу жана андан кийинки аракеттерге таасир берүү үчүн чогултуп жатабыз.

Ал эми кыргыз бийлигинин айрым жетекчилери жана Борбордук Шайлоо комиссиясы шайлоонун мыйзам чегинде өтүшүнө көмөктөшүүсүн мамлекеттин ички ишине кийлигишүү деп баалаган учурлары арбын. ЕККУнун Бишкектеги борборунун коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Марина Дмитриеванын айтымында, эл аралык уюмдар, анын ичинде ЕККУ Кыргызстандын ички ишине кийлигишкен жери жок:

-Биз мамлекеттин ички ишине кийлигишкен жерибиз жок. Биз көп учурда техникалык гана жардам көрсөтөбүз. Алар басылмаларды колдоо жана массалык маалымат каражат өкүлдөрүн окутууга багытталган. Албетте, андай долбоорлордун бири жергиликтүү байкоочуларды даярдоо. Бирок, ал Борбордук Шайлоо комиссиясы менен кызматташуунун негизинде, Шайлоо Кодексининин алкагында жүргүзүлүп жатат.

Ал эми ММКнын ишине байкоо салуучу уюмдун бири «Интерньюстун» аткаруучу директору Эльвира Сариеванын билдирүүсү боюнча, бул долбоорду мамлекеттин ички ишине кийлигишүү деп доомат кылууга негиз жок. Себеби:

- Бул долбоорду ички саясатка кийлигишүү деп атоого болбойт.Себеби, аны ЕККУнун каржылоосу менен жергиликтүү эки коомдук бирикме ишке ашырат.Эгер акчасы болсо мындай байкоо салууну жүргүзүүгө мамлекет деле каражат берсе болмок. Ал эми Американын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан башка долбоорлордун бардыгы БШК менен бирге аткарылып жатат. Менин билишимче, бир дагы чет өлкөлүк уюм Кыргызстанда бир нерсе жасайын деген башка ой менен келген жери жок.
XS
SM
MD
LG