Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНӨН КЕЛГЕН БАЙКООЧУЛАРГА ИШЕНҮҮГӨ БОЛОБУ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек. Көз каранды эмес өлкөлөр шериктештигинин аткаруу комитет төрагасы Владимир Рушайлонун маалыматына караганда, Кыргызстандагы парламенттик шайлоого шериктештикке кирген өлкөлөрдөн узак мөөнөткө үч, ал эми кыска мөөнөткө 100 өкүл байкоочулук кылат.

Үч байкоочу 28-январдан баштап Кыргызстанда иш жүргүзө баштады. Ал эми калган байкоочулар Кыргызстанга шайлоо өткөрүлө турган күнгө эки күн калганда келишип, добуш берүүнүн кандай өткөндүгүнө байкоочулук кылышат. Жыйынтыгында өз байкоолору боюнча коомчулукка маалымат беришет:

-Шайлоо өткөрүлгөн күнү КМШ өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр өздөрү байкоочулук кылышкан шайлоо участокторунан маалымат топтошот. Андан соң өз байкоолорунун жыйынтыгы боюнча коомчулукка билдирүү жасашат.
деген Владимир Рушайло КМШ өлкөлөрүнөн келишкен өкүлдөр Кыргызстандагы шайлоого адилеттүү байкоо жүргүзөт деген оюн билдирди:

-КМШ өлкөлөрүнөн келишкен байкоочулар өз милдеттерин так аткарышат жана алар парламенттик шайлоого даярдыктарды жана шайлоонун кандай өткөндүгүнө адилеттүү баа беришет.
КМШ өлкөлөрүнөн келе турган байкоочулар тууралуу Владимир Рушайлонун жогорудагыдай пикирине БШК төрагасы Сулайман Иманбаев буларды кошумчалады:

-КМШ өлкөлөрүнөн келе турган байкоочулар биздин тилибизге котормосу жок түшүнүшөт. Алар менен биздин маданиятыбыз, улуттук менталитетибиз окшош. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар келээрки парламенттик шайлоодо эң бир адилеттүү байкоочулук кылышат деп ойлойм. Ал эми тилекке каршы котормочу менен келген байкоочулар биздин тилди толук түшүнбөй калышы ыктымал.
Маалымат жыйынында айрым журналистер Владимир Рушайло жетектеген КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары буга чейин Өзбекстан, Белоруссия, Украина, Грузияда өткөн шайлоолорго байкоочулук кылышып, ал өлкөлөрдүн авторитардык бийлигин колдоп келишкендигин белгилешти. Ушундай фактыларды келтирүү менен эмне үчүн соңку мезгилдери КМШ өлкөлөрүнүн байкоочуларына коомчулуктун ишеними кете баштады, деген суроого Владимир Рушайло жооп берүүдөн баш тартты. Ал эми ушундай эле суроого “Демократия жана жарандык коом үчүн бейөкмөт уюмунунун башчысы” Эдил Байсалов мындайча жооп берди:

-КМШдан келген миссия Акаевге, Каримовго, Лукащенкого баш ийген, ошолор тарабынан каржыланган байкоочулар. Булар өздөрүнүн калыс эместигин буга чейин башка өлкөлөрдө эле көрсөтүштү. Булар калыс эмес. Аларга ишениш да керек эмес.
XS
SM
MD
LG