Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ НАРЫНДА БОЛДУ


Күмөндөр Усупов, Нарын. Президент Аскар Акаев менен жолугушууга чакырылгандар тизме менен тыкыр иликтөөдөн өткөрүлүп, алды эртең менен саат тогуз жарымда эле залга киргизилген. Бирок жыйын саат түшкү бирге жакын башталды.

Алдыдагы шайлоого байланыштуу президент мындай деди:
- Бул өзгөчө маанилүү мамлекеттик маселе. Себеби жакшы, элдин кызыкчылыгына иштеген парламент шайласак, анда биз туруктуу өсүп, өнүүгүү жолунда болобуз, Кудай буюрса. Анан жанагындай реформаларга бут тосуп жана популисттик, демагогиялык, куру кыйкырып, куру сөз менен отурган парламент болсо, анда кыйналып, чайналып отуруп калабыз.

Жыйында өз мүдөөсү менен бир да адам сөз сүйлөгөн жок. Атайын сөз берилгенде Атбашы районунун тургуну Наамытбек Асаналиев:

- Алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына жеткирүүгө зор аракеттерди көрүп жаткан урматтуу президентибиздин жолуна тоскоол болуп жаткан бир ууч оппозиционерлердин жоругу жолдо калсын.

Облустук жаштар бийлигинин төрагасы Касымбек Мамытов:

- Буга чейинки болгон, Аскар Акаевич өзүңүз билесиз, референдумдарда, президенттик шайлоолордо Нарын облусу 100 пайызга чейин далилдеп, ынтымактуулугун көрсөткөн. Сиздин реформаңызды жаштар да колдойбуз, биз сиз менен биргебиз.

Нарын районунан ардагер Насыр Чуйтиев:

- Аскар Акаев, алтымышка жаңы чыктым. Эгерде жанагындай оппозициячылар бийликке келебиз деп жатса, бизге бизге сиздей гана уул керек – деген пикирлерин билдиришти.

Бирок кыйла адамдар ичке кире албай сыртта калышты. Алардын айрымдары президенттин Нарынга келиши тууралуу:

- Элдин баары ханга жолугабыз деп турушкан, бирок эч кимди жолуктурбай, киргендер кирип алып эле, кайра кетти окшойт.

- Менин атым Жолдошбек. Көп эле кишилер кирбей, айтайын деген оюн айта албай калышты. Жыйналышка сакалдуу эле кишилер кирди, алар «жакшы, жакшы» дегенден башка эч нерсени айтпайт да.

- Ал жерде көпчүлүгүн тизме менен киргизип, айткандай дүжүр кишилер сүйлөп эле, көпчүлүк элдин мүдөөсү угулбай калды - деген пикирлерин айтышты айрым тургундар.

XS
SM
MD
LG