Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ: « ЭЛЧИЛЕРДИН ШАЙЛООГО КАТТАЛБАЙ КАЛУУСУНДА МЫЙЗАМ БУЗУУ БОЛГОН ЖОК».


Кыяс Молдокасымов, Бишкек. Парламенттик шайлоого талапкер катары мурдагы элчилер катталбай калышты. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан «Шайлоо» кодексине киргизилген өзгөртүү Парламенттин имаратынан Президентке жеткен жок. Айрым саясатчылар бул үчүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевди күнөөлөп жатышат. Ал эми төрага регламент бузулуу менен кабыл алынган мыйзамды Президентке жибере албастыгын билдирет. Мамлекет башчысы Аскар Акаев 28-январда «Независимая газетага» курган маегинде элчилерге байланыштуу мыйзам келсе ага дароо кол коймокмун деп айтты. Мына ушул маселенин тегерегинде спикер Абдыганы Эркебаев «Азаттыкка» маек куруп берди.

- Абдыганы мырза, мурдагы элчилердин шайлоого талапкерлиги катталбай калганынын башкы себебин “Шайлоо” кодексине өзгөртүү киргизилген мыйзамга сиз кол койбой, президентке жибербей койгондон улам болду деген коомдук пикир үстөмдүк кылууда. Ушул маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Рахмат. Андай маалыматтарды, бүгүнкү кырдаалды мен өзүм дагы абдан жакшы билем. Бул маселе биздин жыйында канча жолу каралды. Азыр 20-январдагы акыркы аракет жөнүндө, андан эки күн мурда 18-январда да каралган маселенин тегерегинде ар кандай пикирлер айтылууда. Анткени билесиңер, бул мыйзам 18-январда 29 добуш менен өтпөй калган болчу. Мен ошол күнү он сегизинде, андан кийин жыйырмасы күнү дагы бышыктап кетейин, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын регламенти боюнча иштегенбиз. 1993-жылы кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы боюнча Жогорку Кеңеш Регламет жөнүндө мыйзамдын негизинде иш алып барышы жазылган. Биз жаңыдан кабыл алынып күчүнө кирген Регламент боюнча мыйзамдан эч жака чыга албайбыз. Мисалы өкмөттүн да, Конституциялык соттун да өз регламенти болот. Ошонун чегинде иштейт. Ошого жараша мен 18-январь күнү депутаттарга ошону эскерткен болчумун. Анан 20-январь күнү маселени кайра карайлы дегенде, мен айттым, урматтуу депутаттар, дагы эскертип коёюн, жаңы регламент боюнча өтпөй калган мыйзам алты айдан кийин каралат деп, 105-статьяда жазылып турат. Ошон үчүн мен маселени туура түшүнөм, бирок укук, мыйзам жагынан бул натура болот, деп ачык-айкын, даана айткам. Ошого карабастан депутаттардын бир тобу чыгып, кантсе дагы добушка коюңуз дегенинен, мен коюуга аргасыз болдум. Себеби, ошол эле Жогорку Кеңештин регламент жөнүндө мыйзамдын 30-статьясынын 4-пунктунда жазылып турат, төрагалык кылуучу депутаттардын ар бир сунушун добушка коюга милдеттүү деп. Мен мыйзамдын нормасына ылайык добушка койдум, ошонун негизинде 31 добуш менен өткөнүн билесиңер. Мен ошондон кийин чыкканда, журналисттер оюмду сураганда айттым, өткөнү чындык, бирок мыйзам, процедура бузулду деп. Мен ал оюмдан эч качан кайтпайм. Андан кийин дагы бир жаңы кырдаал чыгып калды. Ошол күнү кечинде Асел Мамбеталиева деген депутаттан, эртеси Бөрүбай Жураевден арыз түшүп, биз ал күнү болгон эмеспиз, катышкан эмеспиз, биз үчүн башкалар басып коюптур, бул туура эмес, ошону эске алсаңар деп. Атүгүл Бөрүбай Жураевичтин жыйында айтканын билесиздер, мындай шартта биздин регламент жөнүндө мыйзамдын 54-статьясында дагы бир жобо бар, ар бир депутат өзү үчүн гана добуш берет, башка депутат анын ордуна басканга эч кандай акысы жок, атүгүл аны жоопко тартат, деп жазылып турат ал жерде. Мен ошол мыйзамдын негизинде иш алып бардым. Анан жанагы эки кайрылуу болгондон кийин сөзсүз бизде ар кандай аларга каршы пикирлер болду. Мындай учурда демейде, бул мыйзамда дагы бар, регламент боюнча комиссия бар, андан сырткары электрондук эсептөө боюнча атайын комиссия бар, мен ошолорго тапшырдым, ушул маселени эки комиссия карап чыксын, деп.

- Абдыганы мырза, сөзүңузгө аралжы, регламент боюнча комиссиянын төрагасы Орозбек Дүйшеев, бирок бул жерде эч кандай регламент бузулган жок деп жатпайбы. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Ачыгын айтайын, регламент боюнча комиссиянын төрагасы Орозбек Дүйшеевич, урматтуу депутатыбыз, мага комиссиянын атынан кат киргизди. Биз иликтедик, Бөрүбай Жураевичтин отурганын эртең менен көрдүк эле, саат ондо бар болчу, ошон үчүн анча негиз жок, Мамбеталиева дагы отурса керек дегендей кат түшкөнү анык. Ал киши кайра мага кат берди. Бул эки-үч күнгө созулду. Анда тигилерге каршы кворум жок, мен өзүм жеке оюмду жазып койдум, деп. Демек, легитимдүү комиссиянын пикири катары эсептелбейт. Мага Медеткан Шеримкулович биринчи күнү эле кайрылганынан жагдайды түшүндүрсөм «ооба, ошондой болуп калды» деп кеткен. Мен айттым, бул маселе, эми процедура бузулгандан кийин юридикалык келечеги кыйыныраак. Менин тилегим акыркы инстанция – бул Конституциялык сот, алар гана буга чек коёт деп. Дагы айтып коёюн, Конституциянын азыр иштеп жаткан дагы бир жобосу боюнча кабыл алынган мыйзам бир айдын ичинде Мамлекет башчысына жөнөтүлөт, ага бир айдын ичинде Президент кол коёт, азыр болгону беш күн болду. Демек мен тараптан Конституцияны, же Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамды бузууга жол берилген жок. Мен өзүмдү, депутаттарды, бүт кыргыз калкын укуктук мамлекет курабыз дегенден кийин мыйзам боюнча иш кылалы деп чакырам. Бул жерде бирөөнүн көңүлүн оорутайын, же бирөөнүн көңүлүн алайын деген аракет да, ой да жок.

- Абдыганы мырза, «Независимая газетага» 21-январда чыккан президент Аскар Акаевичтин маегинде ушул маселеге мындайча кайрылыптыр, эгерде мага ушул мыйзамды алып келип берсе эле, мен дароо кол коёт болчумун, муну оппозициялык маанайдагы депуттардын өздөрү жасап, өздөрүнүн демилгеси менен шайлоо алдында атаандаштарынан арылуу максатында атайылап киргизилген болчу. Ал эми өзгөртүлгөн мыйзам мага келген жок, деп бул себепти парламентке оодарган экен?

- Рахмат, Кыяс, мен президенттин интервьюсун сенден угуп атам, мен өзүм көрө элекмин, окуй элекмин. Өзүм окугандан кийин жооп берсем болот. Өзүм текст менен тааныша электе андай-мындай деп айтыш, менимче сабаттуулукка жатпайт.

- Абдыганы мырза, дагы бир маселе, борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев бүгүн 28-январда бул мыйзамды өткөргөн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин саясий оюну болуп калды. Мына ошол регламентти жакшылап кармаганда, бул маселе мынчалык ызы-чууга айланбайт эле, деп сизге карата өзүнүн дооматын айтыптыр. Ушул маселе боюнча сиздин көз карашыңыз?

- Муну дагы сизден угуп атам. Мен өзүм аны уккан жокмун. Урматтуу Сулайман Иманбаевич токсонунчу жылдары да биз менен депутат болгон айтылуу Жогорку Кеңеште. Андан кийин шайлоо боюнча борбордук комиссиянын төрагасы болуп келатат, мен урмат, сый менен мамиле жасайм ар бир адамга, анын ичинде Сулайман Иманбаевичке дагы. Эгер жанагындай сөз айтса, мен биринчи сурооңузга жооп берип айттым го, мен Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын чегинде гана иш кылдым, укуктун негизинде. Мыйзамда жазылып турат, төрагалык кылуучу депутаттын ар бир сунушун добушка коюуга милдеттүү. Мен ошол мыйзам боюнча добушка койдум, бирок мыйзам бузулганын алдын ала айттым, азыр да айтып атам. Демек, жанагындай айтканы аксакалдын өзунүн абийиринде болсун, мен ал кишини урматтайм, сыйлайм.

- Абдыганы мырза, соңку суроо. Мыйзам чыгаруу жыйынынын ишин расмий түрдөгү кайрылууларында Аскар Акаевич жакшы деп баалаганы менен, бирок соңку мезгилдерде эл аралап, эл менен жоолугушкан жерлерде бүгүнкү күндө мамлекеттеги жүрүп жаткан реформанын бардыгына бут тоскон Парламент болуп атат, Парламент начар иштеди деген пикирин айтып атат. Ушуга карата сиздин көз карашыныз?

- Сурооңузда өзүңуз айтып кеттиңиз, убагында расмий жыйындарда, элге кайрылууларында өзүнүн оң, жогорку баасын бергени анык. Кемчиликсиз иш болбойт. Мен өзүм деле такай депутаттарга айтып калам, мындай кемчилик болуп атат, мындай болсо жакшы болот эле дегендей, ар кандай мүнөздө кемчиликтер жок эмес. Ал жагынан кээде жакшы жагына, кээде кемчилик жагына баа коюлуп калат. Менимче, Аскар Акаев жанагыдай сөздөрү менен, мен пресс конференцияда айтып келгендей азыркы Жогорку Кеңешке болуп жаткан шайлоого байланыштуу өзүнүн саясий көз карашын билдирсе керек. Ал киши өзүнүн оюн айтканга акысы бар, мен да мисалы өзүмдүн оюмду айтып атам.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG