Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: БРАЗИЛИЯЛЫК АЛП, ПИКАССОНУН “ШЕДЕВРИ”, АРЫЗДАР ЖАНА СУНУШТАР КИТЕБИ


Өткөн бейшембиде Бразилияда алп-бала төрөлдү... Жакында интернет аукционго Пабло Пикассонун чакан сүрөтү коюлду... Британияда өткөрүлгөн социологиялык изилдөөнүн натыйжасы көргөзгөндөй, аялдар кийим кече, ар кандай аксессуарларга өмүрүндө 100 миң фунт стерлинг коротушат экен...

Өткөн бейшембиде Бразилияда алп-бала төрөлдү. 8 килограммдык ымыркайдын атын Адемилтон душ Сантуш деп коюшту. Энеси, 38 жаштагы Франсисканын улуу 4 баласы нормалдуу салмак менен төрөлгөн. Дарыгерлер бул феномендин себебин Франсисканын диабет менен оругандыгы менен түшүндүрүшөт. Педиатрлардын айтымында, жаңы төрөлгөн Адемилтондун салмагы 6 айлык баланыкындай.

Сентябрда болсо Америкада дүйнөдөгү эң кичинекей ымыркай туулган. Мөөнөтүнөн мурун жарыкка келген Румаиса деген кыздын салмагы 244 грамм, сиңдисиники - 563 грамм эле болчу.



АКШнын Колорадо штатынын тургуну Патрик Лоулер тиш доктурга кайрылат. Адис тынчын алып, уктатпаган оорунун себеби тиш эмес эле, Патриктин башындагы мык экенин аныктайт. “Мен биринчи жолу тиш доктур тим эле тамашалап жатат го деп ойлогом. Бирок башка бир дарыгер дагы келип, бул чындап эле мык деп айтты”, - дейт Патрик.

Көрсө бир апта мурун курулушта иштеп жаткан жеринен Патрикти көздөй мык каккан тапанча атып жиберген. Бир мык анын жанындагы тамга тийиптир. Бирок Патрик экинчиси анын башына кирип кеткенин сезбей калган. 4 сааттык операциядан кийин Патриктин мээсинен темир мык алынып чыкты. Дарыгерлер мындай окуяга экинчи жолу күбө болуп жаткандыгын айтышат. Былтыр башка бир куруучунун башына 6 мык кирип кетип, ал дагы аман калган.



Жакында интернет аукционго Пабло Пикассонун чакан сүрөтү коюлду. Аукциондун уюштуруучулары ал чыгарма жөн эле чиймеленген бир кагаз деп чынын айтышты. Сүрөткө дата менен автордун колу да коюлган. Пикассо ресторан, кафелерде кээде акча төлөөнүн ордуна ошентип сүрөт тарта калчу. “Пикассо бартерди жакшы көрөт. Ал акча коротконду жек көрчү”, - дейт коллекционер Тутвайлер. Эми шашып ушуп чиймеленген ошондой барактардын бири 39 миң 999 долларга сатылды.



Беларуста ар бир мекеме, ишканада, жеке ишкерлердин кеңселеринде “Арыздар жанa сунуштар” китеби болууга тийиш. Мындай буйрук президент Лукашенканын декрети менен бекитилди. Китептер салык органдарында берилет. Китепке жазылган сунуштарды эске алып, аларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик жетекчилерге жүктөлөт. Декреттин талаптары аткарылбаса, мекемелер айып пул төлөгөнгө мажбур болот.

Ал эми андай окуя бир нече жолу кайталанса, ишкана лицензиясынан да ажырап калышы ыктымал.
“Бул чара кардарлардын укуктарын коргоону көздөйт”, - деп түшүндүрүштү президенттин администрациясынан.

Жергиликтүү ишкер Максим болсо:”Декрет бизди талап-тоноонун жаңы амалы”, - дейт. “Буга чейин биз Улуттук китеп кананын курулушуна милдеттүү түрдө акчалай жарадмдашып келдик, Минскинин айланасындагы сууларды тазалаштык. Эми китепке төлөйбүз, анан да дайыма нааразы болуп жүргөн жарандардын арыздары үчүн айып пул берип турабыз”, - дейт Максим.



Британияда өткөрүлгөн социологиялык изилдөөнүн натыйжасы көргөзгөндөй, аялдар кийим кече, ар кандай аксессуарларга өмүрүндө 100 миң фунт стерлинг коротушат экен. 14 жаштан тарта падышалыктын орточо аял-тургуну айына 124 фунт же 240 долларга кийим, бут кийим, майда-чүйдө буюмдарды сатып алат. Бирок ошонун жарымы кийилбей, чаңдап жатат экен. Бир да жолу кийилбей жаңы бойдон илинип турган көйнөк, юбкалар да толтура. Кээде аялдар ушундай активдүү шоппинг же кийим кече сатып алуу үчүн өздөрүн өзү урушуп, өкүнүшөт экен. Психотерапевт Кристин Уэббер аялдар маанайын көтөрүш үчүн дүкөндөргө жөнөшөт дейт. Анан анча зарыл эмес кийим сатып алгандыгы үчүн уялып, аны көптөн кийин гана күйөөлөрүнө көргөзүшөт же баасын азайтып айтышат.

Сурамжылоого тартылгандардын көпчүлүгү жума сайын шоппингге чыгаарын, ар бир жетинчи айым болсо эки аптада бир жолу дүкөндөрдү кыдырып тураарын айтышат.

XS
SM
MD
LG