Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

КАНЖОЛДОГУ КЫРСЫК


Бекташ Шамшиев, Бишкек. Ушул жылдын 23-январында Бишкектен Новосибир шаарына бараткан автобус жолдо кырсыкка кабылып, кыраан чилдедеги суукта 38 адам узак убакыт талаада калышканы кабарланган.

Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Эмил Акматовдун ырасташынча, кырсыкка кабылган автобус Бишкектен Новосибир шаарына каттап жүргөн.

- Кыргызстандык У.Жураев деген жаран жардам издеп Приозерск шаарын көздөп жөө кеткен экен. Ошону Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен издеп табышка жардам сураганбыз. Алардын берген маалыматы боюнча, Приозерск шаарынын ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери бир жарым күн издешип кыргызстандык жарандын тоңуп калган денесин табышкан. Биздин маалыматыбыз боюнча, кырсыкка кабылган автобус мурда жүк ташып жүргөн «Мерседес» автомашинесин жүргүнчүлөр ташыганга ылайыкталып жасалган экен. Айдоочу автобусту башкара албай машине жолдон чыгып кеткен. Анын соляркасы жайкы солярка экен, ошол тоңуп калыптыр. Жүргүнчүлөрдүн арасында жаш балдар, чоң кишилер, негизинен «челноктор» экен,- дейт Эмил Акматов.

Бишкектин Батыш автовокзалынан кабарлашкандай, күн жылымдагандан кийин бул жерден Бишкек-Томск автобус каттамы башталат. Ал да күн сууганы токтотулуп, кийин күн жылымдаганда кайрадан каттай баштайт. Бишкектен Орусия, Казакстан, Өзбекстан, атүгүл алыскы чет өлкөлөргө жөнөп жаткан узун автобустар жеке фирмаларга таандык. Новосибир шаарына каттаган автобус кимге таандык экенин биз кайрылган мекемелердин баки-жогу билбестигин айтуу менен чектелишти.

Кыргызстандын Орусиянын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Төлөн Турганбаев Казакстан талаасында жолдон чыгып кетип, күйүүчү майы тоңуп, узак убакыт жолдо калган жүргүнчүлөр туш келген кырсык тууралуу кабардар экенин айтты.

Экономикалык оорчулуктун айынан айла жок алыс сапар жолго чыгууга мажбур болгон кыргызстандыктарды Орусия деле кучагын жайып тосуп отурган жери жок. Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөн Турганбаевдин ырасташынча, ушу тапта Орусияда иштеп жүрүшкөн кыргызстандыктардын абалын жеңилдетүү аракети көрүлүүдө. Бирок да, жашаган жеринде каттоого туруу, иштөөгө уруксат алуу түйшүгү жеңилдей элек.

- Миграциялык режим 2002-жылдан бери чет элдик жарандар тууралуу мыйзам чыккандан бери абыдан катуулады. Депортация же Орусия Федерациясынын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин өткөн жылдын 26-августундагы 331-буйругу чыккан. Ага ылайык миграциялык карточкасы каттоодон өтпөгөн же миграциялык карточкасы жок, же каттоо тартибин бузуп жүргөн чет элдик жарандардын баары Орусия Федерациясынын чегинен сыртка чыгарылып жатат. Кыргыз жарандарын антип массалык түрдө кууп чыгышкан фактылары жок, бирок да бирөө-жарымдап ар кайсы жерлерден кетирилип жатат, - деди Төлөн Турганбаев.

Адистердин айтымында, Кыргызстандан сыртка иш издеп кетүчүлөрдүн саны жакынкы жылдары азайышы кыйын. Өкмөт ушу тапта сыртка агылган эмгек миграциясынын толкунун ыраатка салып, мыйзамдык негизде жүрүшүнө аракет кылууда. Ал ишке ашканча иш издеп Орусия менен Казакстанга агылгандар эскилиги жеткен кыргыз поюздарын минип, калганы туш келген автоунаа менен алыс жолго тобокелге салып сапарга чыга беришет.
XS
SM
MD
LG