Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү


29-31-январга чейин Ош, Жалалабад, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош автожолунун 121-138 жана 198-265 чакырым аралыктарында, ошондой эле Миңкуш, Арал, Суусамырда көчкү жүрүшү күтүлөт.

Синоптиктердин билдирүүсү боюнча 30-январда Кыргызстанда ала булут каптап турат, мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлүүдө.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн –15...-20, күндүз 0...-5 градус суук.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –14...-19, күндүз –1...-6 градуска суук болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн –7...-12 градус суук, күндүз –4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –7...-12, күндүз 0...-5 градус суук.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн –13....-18, ал эми күндүз –4...-9 градус суук.
БИШКЕК шаарында күндүз кар жаайт, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн –12....-14, күндүз 0...-2 градус суук.
Күндүн узактыгы 9 саат 53 мүнөт.


Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдады.
Редактор Султан Раев.

XS
SM
MD
LG