ЫСЫККӨЛ. Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунда 29-январда мамлекет башчы Аскар Акаевдин катышуусунда жыйын өттү. Жыйында президент, “Грузия менен Украинадагы саясий оюн Кыргызстанда кайталанбашы керек”,-деп билдирди. Анын айтымында, аталган мамлекеттердеги саясий туруксуздук экономикасынын өнүгүүсүнө кедерги болгон. Ошондой эле “2002-жылда Кыргызстандагы Аксы окуясына байланыштуу окуя мамлекеттик мекемелердин экономикалык өнүгүшүнө тоскоол болгон. Бишкекте мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан митинг, пикеттер күчөсө, өлкө жарандарынын оңолуп келаткан жашоосуна кедергисин тийгизет”-деп эскертти. Ал эми жергиликтүү жетекчилер менен шайлоо комиссияларынын төрагаларына депутаттыкка талапкерлер үгүт иштерин жең ичинен мөөнөтүнөн мурда баштаганын белгилеп, аларга мыйзам чегинде чара колдонуу керектигин баса көрсөттү.