Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

“Келкел” жаштар уюмунун лидери Айсулуу Айтабеванын үйүнүн терезеси белгисиз адамдар тарабынан сындырылды


БИШКЕК. 28-январдан 29-январга караган түнү “Келкел” жаштар уюмунун лидери Айсулуу Айтбаеванын үйүнүн терезесин белгисиз адамдар таш менен уруп сындырып кетишкен. Айтбаеванын айтымында, Алишер Мамасалиев жана Чынара Айтбаеванын жетекчилигиндеги “Атажурт” жаштар кыймылы тарабынан коркутуу максатында мындай жосунсуз жорук уюштурулушу мүмкүн. “Мындай ыкма менен мени жана биздин уюмдун мүчөлөрүн коркута алышпайт Биз өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн жаштарды чакырып ишмердүүлүгүбүздү уланта беребиз, “Атажуртчулар” сыяктуу ар кандай пикеттерди уюштурбайбыз”,- деди Айсулуу Айтбаева.

Ал эми “Атажурт” жаштар кыймылынан Айсулуу Айтбаеванын койгон кинеси негизсиз деп билдиришти.

Айта кетүүчү нерсе, Бишкекте “Келкел” деген аталыштагы эки жаштар уюуму бар. Алардын аталышы, электрондук почта адрестери да окшош. Аталган эки уюм жарым ай мурда парламент алдындагы нааразылык акциясы маалында уюштурулган.

Кыргызстандагы Россия-славян университетинин студенти Айсулуу Айтбаева жетектеген “Келкел” жаштар уюму саясий багытты көздөбөйт, жаштардын биримдигин көздөөрүн билдирген. Ал эми Чынара Айтбаева жетектеген “Келкел” жаштар уюуму акыйкатсыздыкка каршы тынч пикет уюштуруп, ачык-айкын, адилет шайлоо өткөрүү максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG