Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Коомдук уюмдар сот куугунтугун токтотууну талап кылышты


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Интербилим» борбору, адам укуктары боюнча бюросу жана «Асаба» демократиялык партиясы экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаева, экс-билим берүү министри Ишенгүл Болжурова жана саясатчы Топчубек Тургуналиевдин соттолушуна байланыштуу президентке, өкмөткө, Акыйкатчыга жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдошту. Анда Кыргызстандагы саясатчылардын соттолушкандыгына нааразылык билдиришип, адам укугун коргоону президенттен талап кылышты. Саясатчылар атайын жасалмаланган иштин айынан соттолуп жатышат деп белгилешип, буга рапорт жазган милиционерлердин биринин сотто «рапортту жетекчиликтин суроосу менен жаздым» деп көрсөтмө бергени далилдээрин жарыя кылышты. Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү аталган үч саясатчы 18-январда өткөн митинг менен жөө жүрүштү уруксаатсыз уюштуруп, коомчулуктун коопсуздугуна коркунуч пайда кылды жана тартип коргоо орган өкүлдөрүнө баш ийбей, жолдо жүрүү эрежесин бузду деп административдик иш козгоп, аны караган райондук сот саясатчыларга миң сомдон айыппул салган. Алар бул чечимди жокко чыгаруу арызын Бишкектин шаардык сотуна берген жатышат. Эгер Кыргызстандын сотторунан атуулдук укуктарын коргой алышпаса эл аралык сотко чейин кайрылууга кам көрүшүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG