Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Өкмөт башчы гезиттерди сотко берет


БИШКЕК. Кыргызстандын өкмөт башчысы жашыруун жыйын өткөрдү деген материалды жарыялаган гезиттер ал маалыматты жокко чыгарган материалды өз гезиттерине жарыялап, элге таратышпаса Николай Танаев ал редакцияларды сотко берет. Николай Танаев бул тууралуу 27-январда, түз эфирдеги телекөрсөтүү маалында жарыя кылды. Анын айтымында, жашыруун жыйын өткөрдү деген жалган материлды Кыргызстандагы саясий-экономикалык туруктуулукту бузууну каалаган күчтөр ойлоп чыгарган. «Мындан тышкары алар азыр бийликке каршы оппозицияда турган айрым саясатчылардын парламентке келишин,алардын бийликтен запкы жеген саясатчы катары аброй күтүшүн максат кылышкан»,-деп билдирди. Ал эми жашыруун жыйын тууралуу материалды баскан «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова Николай Танаевден андай мазмундагы катты алгандыгын, бирок, өкмөт башчынын талабын аткарып, жооп бербесин билдирди. Анын айтымында, буга Танаевге гезит аркылуу кайрылган элдин бир да катына өкмөт башчынын жооп бербегени башкы себеп. Экинчиден, Интернетке чыккан материал үчүн гезит жооптуу эмес деп билдирди.

XS
SM
MD
LG