Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:28

УЛУТТАР УЮМУ ЦУНАМИ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТИП ТУРАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага. Тайланддын Пукет аралында жаратылыш кырсыктарын алдын алуучу атайын борборду түзүү маселесине арналган конференция соңуна чыкты. Жума, 28-январь күнү башталган эки күндүк жыйында борбор кайсы өлкөдө жайгаштырылып, кандай технология менен жабдылуусу керек деген маселелер талкууланды. Былтыр 26-декабрде Инд мухитиндеги жер титирөөдөн каптаган топон суудан Түштүк -Чыгыш Азия өлкөлөрүндө 280 миңге жакын киши набыт кетти.

Эки күндүк конференциянын жүрүшүндө ага катышкан 43 өлкөнүн делегациялары Инд мухитиндеги цунами жөнүндө алдын ала маалымдоону координациялоо озуйпасын Улуттар уюмуна жүктөөнү чечишти. Уюмдун өкүлү Маргарет Валстром Улуттар уюмунун ролу жөнүндө буларды билдирди:
Цунамилер жөнүндө алдын ала эскертүүчү системалардын ишин натыйжалуу координациялоо Улуттар уюмунун колунан келет. Эми биздин максат- ал системанын баардык бөлүкчө- тетикчелерин шайкеш иштетүү жана жалаң цунамилерди эле эмес, циклондор менен топон суулар жана башка алааматтар жөнүндө калкты эрте кабардар кылып туруу.

Цунамилер жөнүндө эрте эскертүүчү системаны координациялоо ишин Бириккен Улуттар уюмуна тапшыруу чечими өлкөлөр бул маселеде орток пикирге келе албай койгон соң кабыл алынып отурат. Конфенренциянын делегаттары ошондой эле калкты жакындап келаткан коркунуч тууралуу алдын ала кабардар кылуу үчүн Индонезиянын миңдеген мечиттериндеги үн күчөткүчтөрдү жана жергиликтүү радиотүйүндөрдү кеңири пайдаланууну сунуш кылышты. 26-декабрде Инд мухитинде болгон жер титирөөдөн Түштүк-Чыгыш Азия менен Африканын чыгыш ыптасындагы кылаа аймактарын топон суу каптап, күтүлбөгөн табыгый апааттан 280 миң киши мерт болду. Кырсыктан баарынан көп жоготууга Индонезия учурады. Мында расмий божомолдор боюнча 165 миңден кем эмес киши өмүр менен кош айтышты. Эгерде Инд мухитинде Тынч Океандагыдай эскертүүчү борбор болгондо мынчалык көп жоготуу болмок эмес.

Инд Мухитиндеги жаратылыш кырсыктар жөнүндө эрте эскертүүчү борборду түзүү үчүн Улуттар уюму азыркы күнгө чейин 8 миллион доллар топтоду. Бул акча борбордун долборун иштеп чыгуу үчүн жетиштүү. Эксперттер Маврикий сыяктуу арал-мамлекеттердин өтүнүчүн эске алып, борбор жалаң эле цунамилер эмес, жылдын белгилүү маалдарында болуп туруучу көнөктөгөн жаан сыяктуу табыгый көрүнүштөргө да адистешүүсү керек экенин айтып жатышат.

Биздин регион жылыга каптоочу циклондордон, маал-маалы менен болуп туруучу нөшөрлөгөн жаандан жабыр тартат, жер шарынын климатынын өзгөрүүсү менен бул табыгый көрүнүштөр биз үчүн чыныгы алаамат болуп баратат,- деп айтты конференцияда Маврикийдин экология министри Сатиавед Сиибалук.
Улуттар уюмунун пландары боюнча, борбор ары дегенде бир жылдын ичинде ишке киргизилүүсү керек. Курулушутун болжолдуу наркы 30 миллион долларга, же 23 миллион еврого барат.
Конференция Тайланддын Пукет аралынын топон суудан жабыркабаган жеринде өткөрүлдү. Бирок жума күнү жыйындын айрым катышуучулары аралдын топон суудан кыйрап калган райондорун кыдырып чыгып, жаратылыш кырсыгы кандай эбегейсиз жоготууларга дуушар кылганын өз көзү менен көрүп чыгышты.
XS
SM
MD
LG