Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

ИРАКТА ДОБУШТАРДЫ САНАЙ БАШТАШТЫ


Кубат Оторбаев, Прага Иракта 30-январда улуттук жыйынга өткөн шайлоонун добуштары санала баштады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда бул саясий өнөктүккө тизмеге киргендердин 60тан ашык проценти катышты. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары бир аптадан кийин чыгаары айтылууда. Күтүлүп жаткандай эле добуш берүү кан төгүүлөр менен коштолду. Акыркы маалыматтар боюнча шайлоо күнү кеминде кырктай адамдын өмүрү кыйылды.

Мурдагы үмүттөр ашыра акталды дешти өнөктүктү уюштургандар. Анткени шайлоого, алдын ала маалыматтарга караганда, тизмеге киргендердин дээрлик 60тан ашык проценти катышты.

Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш атайын билдирүү жасады. Анын айтымында шайлоо чоң ийгилик менен өттү жана добуш берүү менен ирактыктар терроризмди жана козголоңчуларды колдобой тургандыктарын далилдешти. Ал эми Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр Ирактагы шайлоо бүтүн дүйнө жүзүндөгү терроризмге катуу сокку урду деп билдирди.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан болсо шайлоону Иракта демократия куруудагы алгачкы олуттуу кадам катары баалады.

Ирактын ар кайсы жерлеринде добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга таң эртеден тарта эле аракеттер жасалды. Багдаддын борбордук районунда алты адамдын өмүрүн алып кеткен кандуу калаба катталды. Шайлоо участогунун жанындагы жанкечтинин бул жардыруусунан Хикмат Назирдин үйү жана аялы жабыркады:

– Удаама-удаа эки жардыруу болду. Алгачкысынан анчейин катуу үн чыккан эмес, бирок экинчисинен менин үйүм силкингендей боло түшүп, тереземдин айнектери күбүлүп калды. Аялым жарадар болду.

Багдаддагы бул жардырууну айтпаганда да Хилла, Баакуба, Басра жана Мосулда кол салуу, жардыруулар болду. Кеминде 22 адамдын өмүрү кыйылганы айтылды.

Добуш берип болгондон кийин убактылуу өкмөт башчы Аяд Аллави “биринчи жолу ирактыктар өз тагдырын өздөрү шайлоо аркылуу чечип жатышат” деп билдирди.

Чындыгында эле акыркы 50 жылда биринчи жолу ирактыктар жалпы элдик добуш берүү аркылуу өздөрүнүн лидерлерин тандап жатат. Тизмеге 14 миллион адам шайлоочу катары катталган. Нажаф шаарында добуш бергени келген аял бул окуяны майрам катары кабыл алаарын айтып, ырдап жиберди эле аны башка шайлоочулар да колдоп жиберишти:

– Бул жеңиш күн! Бул жеңиш күн! – дешти кубанычтарын жашырбай.

Багдаддын Кансах мектебинде добуш берген ирактык чын дили менен бул жерге келгенин айтты:

– Элге добуш берүүдөн корпогула деп көрсөтүү үчүн шайлоо бекетине биринчилерден болуп келүүгө аракет кылдым. Бул – биз үчүн жаңылык. Эгер биз мурда бир гана адам үчүн добуш берсек, азыр болсо тандоо бар. Жеңип чыккан талапкер биздин үмүттү акташым кудайдан тилейбиз.

Ал эми кыздарын шайлоо бекетине ээрчитип келип, добуш берип жаткан баасралык адам террордук коркунучтарга карабай өнөктүккө катышып жатканын айтты:

– Булар менин кыздарым. Кудай колдоп, Ирак жеңсин!

Саясий өнөктүктүн маанилүү экендигин Ирактын убактылуу президенти Гази аль-Явар дагы белгиледи:

– Менин терең ишенимимде ирактыктар эркин шайлоого толук татыктуу. Бул өнөктүк ирактыктар сыймыктана турган эркин, бейкут жашоого жана демократиянын орношуна жасалган алгачкы кадам болуп эсептелет.

Убактылуу президент жалпы элди шайлоого тартынбай катышууга үндөдү:

– Мен сыймыктанып турам. Кут даарыган бул күндө мен бактылуумун. Баардык ирактыктарды куттуктайм жана баарыңырды добуш берүүгө чакырам.

Гази аль-Явар “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда бармагын сыяга малып, добуш берүү менен Ирактын эли терроризмге каршы сокку урмакчы деп билдирди.

Диктатор Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийин Иракта өтүп жаткан бул шайлоодо курамы 275 депутаттан турган улуттук жыйын түзүлөт. Парламенттеги орун үчүн 75 саясий партиянын, 9 коалициянын мүчөлөрү жана отузга чукул көз карандысыз талапкерлер атсалышууда. Улуттук жыйын болсо өкмөттү түзүп, Конституцияны кабыл алмакчы.

Ирактын он сегиз провинциясы Улуттук жыйын менен катар эле өздөрүнүн ассамблеясынын мүчөлөрүн да шайлашты. Күрт автоном районунда болсо жергиликтүү парламентке депутаттарды тандоо өттү. Диктатор Саддам Хусейндин тушунда башкалкалап Германияга качып кетүүгө аргасыз болгон улуту күрт бул атуул 30-январда чет өлкөнүн аймагында туруп добуш берди:

– Биз 40 жылдан бери добуш берген эмеспиз. Бул биринчи жолу болуп отурат. Мен кайра төрөлгөнсүп турам, - деди Германияда бюллетен таштаган күрт.

Эларалык миграция уюмунун маалыматы боюнча ушул тапта бир миллиондой ирактыктар он төрт чет мамлекеттерде жашашат. Алардын 280дей миңи каттоодон өтүшүп, добуш берүүгө укук алышкан.

Шайлоо шийилер жашаган аймактарда жана күрттөр басымдуулук кылган өлкөнүн түндүгүндө активдүү өттү. Тескерисинче, суннилер көп Фаллужа, Самарра жана Рамади шаарларында добуш берүүгө келгендер аз болду.

Бул жерлерде жыйынтык кандай болоору белгисиз, анткени суннилер парламентке шийилер көп келгени жатат деп шайлоону байкоттоого чакырган болчу. Ирактын калкынын 60тай процентин шийилер түзөт, бирок Саддам Хусейндин тушунда бийликте суннилер мыкты кызматтардын көбүндө турушкан.

XS
SM
MD
LG