Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчилерге шайлоо тууралуу маалымат берилет


БИШКЕК. 31-январь жана 1-февраль күндөрү өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Кыргызстандагы дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштурат. Анын максаты Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчилерге өлкөдөгү парламенттик шайлоого даярдыктар, өкмөт тарабынан шайлоону ачык, адилет өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берүү. Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчилердин өкүлдөрү премьер-министр Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев менен жолугушат. Ошондой эле алардын Токмок шаарындагы шайлоо даярдыктары менен таанышуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG