Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

«Кел-кел» атуулдук кампания билдирүү таратты


БИШКЕК. «Кел-кел» жаштар уюмунун жетекчиси Айсулуу Айтбаева жалган жалаа маалыматтарды таракандыгы жана абройго шек келтиргендиги үчүн өлкөнүн Кылмыш Кодексинин 127 жана 128-беренелери боюнча сот жообуна тартылышы мүмкүн. Мындай билдирүүнү «Кел-кел» атуулдук кампания таратты. 28-январдан 29-январга караган түнү анын үйүнүн терезесин белгисиз бирөөлөр сындырып кеткен. Айсулуу Айтбаева бул ишти «Кел-кел» атуулдук кампаниясынын мүчөлөрү тарабынан гана уюштурулушу мүмкүн деп расмий маалымат тараткан. «Кел-кел» атуулдук кампаниясынын билдирүүсүндө айтылгандай, аларды негизсиз күнөөлөө уюмдун аброюн төмөндөтүү максаты менен жасалууда. Жаштардын «Кел-кел» аттуу эки уюму тең жакында түзүлгөн. «Кел-кел» жаштар уюму өз ишмердүүлүгүндөгү башкы максаты катары жаштардын биримдигин койсо, ушундай эле аталыштагы атуулдук кампания жаштардын саясий активдүүлгүн күчөтүүнү, шайлоолорду таза өткөрүү багытын көздөйт.

XS
SM
MD
LG