Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

МУНАЙ РЫНОГУНДА ОПУР – ТОПУР...


Амирбек Аззам уулу, Прага. ( 2- макала) Былтыр октябрда бир баррель мунайдын баасы Нью-Йорк биржасында 50 АКШ долларына чыккандан кийин эксперттер арасында кара майдын кору тууралуу түрдүү пикирлер көп айтылчу болду. Алардын бир жааты дүйнөдөгү мунай корунун жарымы жагылып кеткенин айтышса, экинчи бирөөлөрү дагы жаңы кендер табылат деген ишеничте.

1970-жылдан бери дүйнөдө ири мунай кени пайдаланууга бериле элек. Андан улам акыркы мезгилде жердин терең катмарында жаткан кара май көп казылчу болду. Бул өндүрүштүк чыгымдарды көбөйтүп, мунайдын өздүк наркын кымбаттатууда. Учурда эң ири эсептелген Сауд Арабиянын Гхавар мунай кени да тээ 35 жыл мурдакыдай берекелүү болбой калган. Анткен менен, дүйнөдөгү мунай корунун төрттөн бири же 260 миллиард барррели Саудияга таандык.
Бирок, Саудиянын өкмөттүк Арамко мунай компаниясы падышалыкта кара майды азыркы деңгээлде өндүрүү опурталдуу экенин көп айта баштады. Мындай айкай салууну АКШ президенти Жорж Буштун бир кездеги кеңешчиси Матью Симмонс эзелтен келаткан адат деп атайт:

– Күнүмдүк мунай өндүрүү төрт жылда үч миллион баррелден 8 миллион баррелге жеткен 1974-жылы эле Арамконун жетекчилиги кара май кендери ашыкча иштетилип жаткан жокпу деп чый-пый болушкан.

Мунай азайууда деп калаба салышканы менен Арамко компаниясынын жетекчилиги өндүрүш жакынкы жылдары дагы кеңейтилет деген ишенимде.
Эл аралык базарда мунай сатуу дагы көбөйөрүнө ишенген далдалчы-оюнчулар да Колумбия, Судан же Каспий чөлкөмүндөгүдөй берекелүү жаңы кендер табылаарынан күмөн санашпайт.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 1997-жылы берген баага караганда, Каспий деңизинин атрабында 4 триллион баррель кара май болушу ыктымал. Казакстандын Качаган кени региондогу баарынан чоң корго ээ деп эсептелет.

Мындай пикирге мунай долбоорлорун карыжалап жүргөн банкир Матью Симмонс
кошулбайт:

-Азыркы эң чоң долбоор- Качаган кени. Ал жерде өндүрүштүк иштер 2004-жылдын ортосунан башталат деп макулдашылган. Аны кээ бирөөлөр акыркы отуз жылдагы эң чоң кен деп айтышууда. Кызыгы, кендин 30 процентин тең бөлүшкөн жарнакчы компаниялардын үчөөсү долбоордон чыгып кетти.

Каспийдин келечегине мунай рыногундагы ири оюнчулар көп ишене беришпейт.
Айрым талдоочулар чоң кендер табылса да, алардын тез өсүп бараткан керектөөнү канаттандыруусу кыйын экенин айтышат. Швециянын Упсала университетинин профессору Кжелл Алеклетт мунайга мол кендер сейрек болоруна көңүл бурат:

-Биз бүгүн пайдаланып жаткан мунайдын жарымы 150 чакты кенден алынат. Дүйнөдө 40 миң чамалуу мунай кени бар.

АКШнын Энергия министрлигинин эсеби боюнча, Кытайдын отун энергиясына болгон талабы 2020-жылга чейин жылына 4, 3 процентке, ал эми табити ачылып бараткан Индия, Бразилия жана Мексикада кеминде 3 процентке өсүп отурат
Азыр экономикасы дүркүрөп өсүп жаткан Кытай коңшулаш Японияны артка таштап, өткөн жылы Кошмо Штаттардан кийинки экинчи чоң мунай керектөөчүгө айланды.

Кытай учурда АКШнын негизги камсыздоочусу Канададан мунай сатып алуунун амалын издеп жатканы маалым.
Талдоочулар Кытай менен АКШнын мунайга болгон талабы келечекте кара май базарындагы атаандаштыкты ого бетер курчутушу мүмкүн деп боолгошот.

«Ресурстар үчүн согуш» деген китептин автору Майкл Клэринин пикиринде, дүйнөнүн эң зор мунай кендери Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбор Азия сыяктуу бейстабилдүү региондордо экенине, ири өлкөлөр бул жерлердеги чатакка түз катышпаса да, кайсы бир жактын таламын албай жөн отурбайт:

-Атүгүл үлүштөрдү бөлүштүрүү боюнча бардык ири өлкөлөр жана Казакстан, Грузия, Азербайжан ортосунда жергиликтүү деңгээлдеги талаш-тартыш жүрүүдө. Талаштын катышуучулары тарап-тарапкө бөлүнүшкөн. Чоң мамлекеттер жергиликтүү чатакка аралашып, чоң чырга шыкакчы болгону турушат.

Клэри белгилегендей эле, Казакстан, Россия, Иран, Азербайжан жана Түркмөнстан бир нече жылдан бери Каспий деңизин бөлүшө албай жүрөт.
XS
SM
MD
LG