Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Оогандар “Стрингер” ракеталарын бийликке тапшырабы?


Ооганстандын бийликтери 1980-жылдардагы советтик армияга каршы согуш учурунан калган АКШнын “Стрингер” деп аталган ракеталарын чогултууга киришти.
Чалгындоо кызматынын жооптуу кызматкери Хусейн Факри бүгүндөн тартып “жер-аба” классындагы ракеталар кандай абалда болбосун сатып алынаарын жарыя кылды.
Кошмо Штаттардын Борбордук чалгындоо кызматы 1989-жылы советтик аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенге дейре мужахиддерди “Стрингер” менен камсыздаган жана советтик аскерлер чыгып кеткенден кийин ракеталарды сатып алганга аракет кылып көргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG