Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Иран: Чакырууну бийликтин консерваторлор канаты угабы?


Ирандын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин башчысы Хасан Ровшани лкөнүн Кошмо Штаттарына болгон саясатын өзгөртүүгө чакырды.
Хасан Ровшани Тегерандын “Хамшаар” гезитине бүгүн басылган интервьюда АКШ дүйнөлүк экономикага жана коопсуздукка таасири күчтүү өлкө болгондуктан, ага каршы саясат жүргүзүү “ наамалык” дейт.
Ровшани 17-июнда болчу шайлоодо Мохаммад Хатаминин ордуна президент шайланат деп болжолдонууда.
Иран менен АКШ ортосунда чейрек кылымдан бери дипломаттык алака жок.

Вашингтон Ирандын ядролук программасы атомдук бомба жасоого багытталган деп узактан бери күнөөлөп, ырасмий Тегеран айыптоону четке кагып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG