Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Ирактыктык шайлоочулардын төрттөн үчү добуш берди...


Ирактын күнкорсуз шайлоо комиссиясы бешимге чейин шайлоочулардын 72 проценти добуш бергенин, ал эми шииттер жыш жашаган аймактарда 90 процентке жакын эл шайлоого катышканын жарыя кылды. Шайлоокомдун өкүлү Абдил ал-Лами:

-Мен бул билдирүүнү Көзкарандысыз шайлоо комиссиясынан маалыматынын негизинде жасап жатам.

Суннилердин айрым лидерлери шайлоону бойкот кылууга чакыргандан жана коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам сунни аймактарында эл добуш берүүгө тегиз чыкпады деп болжолдонууда.

Багдаддык шайлоочу башкаларга үлгү болуу үчүн эртелеп добуш бери келгенин билдирди:

–Добуш берүүдөн корккон адамдарды шыктандыруу үчүн мен элдин алдында келип добуш бергим келди. Бул жаңы жышаан. Мурда биз бир эле адам үчүн добуш берчүбүз. Азыр биз тандай алабыз. Кудай күбө, ким жеңсе да ага биз нааразы болбойбуз.

БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү Ашраф Кази шайлоо “калыс жана адилет өткөн сыяктанды”, ирактыктар шайлоо укугун тартынбай аткарышканын добуш берүү күбөлөгөнүн билдирди.

Иран парламентинин көрүнүктүү мүчөсү Алаиддин Боружерди Иракта болгон
жалпы элдик шайлоону өлкөнүн “күнкорсуз жана чыныгы элдик өкмөтүн түзүү үчүн жасалган чоң кадам” деп баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG