Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

АКШнын президенти жана БУУнун башкатчысы ирактыктарды шайлоону ийгиликтүү өткөргөнү менен куттукташты


Ирак өкмөтүнүн өкүлдөрү жана АКШ Ирактагы кечээги шайлоону калктын козголоңчулардын кол салууларынын үстүнөн болгон жеңши катары баалашты. Азырынча так маалыматтар белгисиз, бирок шайлоо комиссиясындагылардын баштапкы эсептөөлөрүнө караганда, добуш берүүгө 8 миллондой адам же катталган шайлоочулардын 60%тайы катышты.

275 орундуу Улуттук ассамблеяга жана 18 провинциянын мыйзам чыгаруу жыйындары үчүн өткөн шайлоо - Иракта соңку жарым кылым ичиндеги алгачкы эркин шайлоо болду. Анын баштапкы жыйынтыктары алдыдагы күндөрү маалымдалмакчы, бирок расмий өкүлдөрдүн айтымында, соңку жыйынтыкты чыгаруу үчүн он күнгө чейин убакыт талап кылынат.

Коопсуздук жүйөөсүнөн улам эл аралык байкоочулардын көбү түздөн-түз Ирактын өзүндө байкоо жүргүзбөгөндүктөн, добуш берүү кандай өткөндүгү жана шайлоого катышкандардын санынын тууралыгы боюнча көз карандасыз маалыматтар болгон жок.

Добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн козголоңчулардын кечээги кол салуулары менен жардырууларынан 9 жанкечтини кошкондо 40 тай адам каза тапкан. Кол салуулардын басымдуу бөлүгү башкалаа Багдадда жасалды.

АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы шайлоону ири жетишкендик катары баалады. Буш белгилегендей, эркин шайлоого катышуу менен ирактыктар террорчулардын анти- деморатиялык идеологиясын четке какты:

-Демократиянын жолунда саякаттоо үчүн али көп аралык бар. Анткен менен ирактыктар бул чакырыкка жооп бере аларын көргөзүүдө. Америка элинин атынан Ирактын калкын бул ири жана тарыхый жетишкендиги менен куттуктайм.

БУУнун башкатчысы Кофи Аннан да ирактыктарды шайлоону кыска убакытта жана оор шарттарда ийгиликтүү уюштурганы үчүн куттуктап, аларды биримдикке чакырды.

Евробиримдиктин жетекчилеринин бири Хавьер Солана шайлоону демократиялык, эркин жана тынч Иракты куруудагы маанилүү кадам деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG