Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Элчилерге байланышкан мыйзам Президентке жете элек


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасы Абдыганы Эркебаев Кыргызстандын мурдагы элчилерин шайлоого катыштыруу тууралуу мыйзам долбоорун мамлекет башчысына кол коюуга жөнөтө элек. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынан кабарлашты. Мыйзам чыгаруу жыйыны 20-январдагы отурумунда Шайлоо кодексине элчилерди парламенттик шайлоого катыштырууга уруксат берген өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган. Ага төрага Абдыганы Эркебаев мыйзам долбоору регламентти бузуу менен кабыл алынгандыгын айтып, аны мамлекет башчысына жөнөтпөй жатат. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Абдыганы Эркебаев паралменттик шайлоого талапкер катары катышуу үчун Ош областына учуп кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG