Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Төлөкан Исмаилова: райондук милиция козгогон иш - коррупциянын далили


БИШКЕК. «Адам укуктары жана эркиндиктери» институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиевге көрүлгөн чара мыйзамсыз жана ага карата козголгон иш жасалма» деп билдирди дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында саясатчынын коомдук коргоочусу, «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова. Анын айтымында, Биринчи май райондук милициясы ишти ачууда таянган 24 арыздын 10у бири-бирине коендой окшош болгон жана анын бешөө сотко келгенге чейин белгисиз себеп менен административдик иштен алынып салынган. Ушул өңдүү бир катар негиздерге таянган Исмаилова бул ишти кысым көрсөтүү жана ички иштер кызматындагы коррупциянын далили деп белгиледи. Ал эми Топчубек Тургуналиев өзү бул ишти «саясий тапшырма» катары баалады. Биринчи май райондук милиция ачкан иштин негизинде райондук сот Топчубек Тургуналиевге 1000 сом айып салган. Административдик иштин ачылышына 19-январдагы митинг жана жүрүш негиз берген. Ушул эле окуяга байланыштуу саясатчылар Роза Отунбаева менен Ишенгүл Болжуровага да 1000 сомдон айып тагылган.

XS
SM
MD
LG