Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Талапкерлерди каттоо бир күндөн кийин аяктайт


БИШКЕК. Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерди каттоо 1-февралда соңуна чыгат жана 2-февралдан баштап үгүт иштери башталат. Дүйшөмбүдөгү маалымат боюнча Борборшайлоокомго түшкөн 473 арыздын негизинде 425 жаран каттоодон өтүп, талапкер болуу укугун алышты. 8 арыз канагаттандырылган жок. Ал эми 27 жаран талапкер болуудан баш тартып, арыздарын өз каалоолору менен кайтарып алышты. Мындай маалымат дүйшөмбү күнү БШКнын уюштуруу бөлүмүнөн алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG