Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Кыргызстанга АКШ мамкатчы жардамчысынын орун басары Лора Кеннеди келди


БИШКЕК. АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Лора Кеннеди 31-январда Бишкекке иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал мамлекет башчы Аскар Акаев менен эки тараптуу, жабык сүйлөштү. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын кызматташтык мамилелеринин бүгүнкү абалы жана аларды өнүктүрүү маселелери талкууланды. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, Лора Кеннеди 1-февралда Ысыккөл областына барат. Ал жерде Лора Кеннеди АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элчилеринин жыйынына катышат. АКШнын мамлекеттик катчысы 3-февралда өз мекенине учуп кетет.

XS
SM
MD
LG