Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

ЕККУнун ЭЛЧИЛЕРИ БИШКЕКТЕ


31-январдан тарта Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташытк уюмуна мүчө мамлекеттердин элчилеринин сапары башталды. Алар 27-февралда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык жана Кыргызстандагы жалпы саясий кырдаал менен таанышып жатышат.

Дүйшөмбүдө Кыргызстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө 22 мамлекеттин жана 5 эл аралык уюмдун 29 элчиси келди. Алар менен түшкө чейин премьер-министр Николай Танаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов жолугушту. Анда өкмөт башчы Кыргызстандагы учурдагы экономикалык кырдаал жана алдыдагы парламенттик шайлоого өкмөттүн даярдыгы тууралуу кабарлады.

Ал эми Сулайман Иманбаев участкалык шайлоо комиссияларынын түзүмүнөн баштап парламенттик шайлоо марасына түшкөн талапкерлерге чейин маалымат берип, элчилердин суроолоруна жооп берди. Жолугушууларда чет өлкөлүк элчилерди кызыктырган башкы маселе - өлкө ичиндеги саясий кырдаал, радикалдык экстремисттик күчтөрдүн Кыргызстандагы парламенттик шайлоого тийгизген таасири жана чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын добуш берүүгө катышы болду.

Испаниянын Кыргызстан менен Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Франсиско Паскуаль де ла Парте Кыргызстандын коопсуздук кызмат төрагасынын экстремисттик күчтөр Кыргызстандагы парламенттик шайлоону болтурбоого аракет кылат деген билдирүүсүнө кандай негиз бар экендигин билүүгө кызыкты. Ал суроого өкмөт башчы Николай Танаев:

-Экстермизм деген түшүнүк Кыргызстандын Конституциясында белгиленген. Тилекке каршы, бизде «Хизб ут-Тахрир» сыяктуу ар кандай экстремисттик уюмдар бар. Алар мурда халифат түзүү максатын көздөп келсе, мындан үч жыл мурун алардын азыркы мамлекеттик түзүлүштү куралдуу жол менен кулатуу максатын көздөгөн бир бутагы пайда болду. Алардын таратып жаткан баракчалар менен адабияттарында мына ушул жөнүндө айтылат. Андан тышкары «Туркестандын ислам партиясы" деген жаңы уюм түзүлүп, курамына бир топ уюмдарды камтып алды. Мындан тышкары жакында «Аль-Жами», «Хизб ут-аль–нури» деген жаңы уюмдар пайда болду. Мына ушулардын бардыгынын Кыргызстанга тийгизген таасир бар.

Өкмөт башчы Николай Танаев шайлоо маалында өлкөдөгү саясий туруктуулукту бузууга аракет кылып, ички ишке кийлигишип жаткандар бар деп билдирди. Ага көчө жүрүштөрүн көп өткөрүп, аны кеңейтүү максаты менен ушул тапта бир катар окуу семинарлары өткөрүлүп жаткандыгын мисалга тарткан менен аны кимдер уюштуруп жаткандыгын ачык айткан жок. Бирок чет өлкөлөрдүн жана ички саясий күчтөрдүн шайлоо жараяндарына кийлигишпөөсү зарыл экендигин баса белгиледи.

Ал эми ЕККУга мүчө мамлекеттердин элчилерин чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын добуш берүүсүнө катышы жөнүндөгү маселе абдан кызыктырды. Ага Мыйзам чыгаруу жыйынынын чет өлкөдө жүргөн атуулдар үчүн элчиликтерде добуш берүү участкаларын уюштурбоо жөнүндөгү токтому менен БШКнын аны колдогон чечими түрткү болду. Ал тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өмүрзак Узбеков:

-Николай Танаев өкмөт өлкөдөгү ар бир үйдү кыдырып, атуулдардын тизмесин түздү деди. Мындай болгондон кийин канча адам тышта жүргөнү такталса керек. Бизди мына ушул маселе кызыктырып жатат. Анткени, бул атуулдардын добуш берүү укугу да! ,- деп билдирди

Элчинин мындай суроосуна БШК төрагасы Сулайман Иманбаев:

-Элчиликтер менен консулдуктарда тизмеге алынгандардын саны болгону 6 миң 400 адам. Ал эми чет өлкөлөрдө ырасмий каттоого алынбаган эмгек мигранттары үчүн жана биздин элчиликтер менен консулдуктар жок өлкөлөрдө добуш берүү участкасын уюштуруунун зарылдыгы жок. Бул жерде турган жеринен каттоодон чыкпаган мигранттарды биз толугу менен тизмеге киргиздик. Аларды тизмеден чыгарууга акыбыз жок. Алар каалаган убагында келип добуш бериши мүмкүн,- деп билдирип, азыр чет өлкөдө жүргөн атуулдардын баары добуш берүү тизмесинде экендигин жарыя кылды.

Жолугушуу маалында элчилердин бүйүрүн КМШдан байкоочулардын катышып жатышынын зарылдыгы бар беле деген маселе кызытты. Испаниянын элчиси Франсиско Паскуаль де ла Парте ЕККУга КМШдагы бардык мамлекеттер мүчө болгондон кийин жана ЕККУнун алкагында КМШнын атуулдары байкоочу катары катышып жаткандан кийин КМШдан да өз алдынча байкоочу жиберүүгө кандай муктаждык бар экендигине кызыкты. Ага БШК төрагасы Сулайман Иманбаев:

- Алар деле башка мамлекеттердей укукка ээ. КМШдагы мамлекеттер тескерисинче, бизде шайлоону көрүүгө жана анын демократиялуу өтүшүнө абдан кызыкдар. Жакында КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло келгенде мен байкоочулардын келишин абдан кубаттадым. Анткени алар менен биздин тилибиз, кулк-мүнөз, көз карашыбыз бирдей, ,- деп билдирди.

Ал чет өлкөлүк байкоочулардын кырдаалга так баа берүүсүнө айрым учурда тилди билбегендик абдан катуу тоскоолдук кылаарын белгиледи.

ЕККУнун элчилерин мындан тышкары үгүттөө мөөнөтүнөн мурда аша чаап кеткен талапкерлердин үгүт иштеринин мыйзамдуулугу жана шайлоочулардын тизмесинин тактыгы кызыктырды.
XS
SM
MD
LG