Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

СЫЙ ТАМАК ҮСТҮНДӨГҮ ПИКИР ТАЛАШ


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кирген бир катар өлкөлөрдүн элчилери Кыргызстандын өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү менен 31-январда жолугушту. Өзгөчө бир жосун менен коштолгон ал жолугушууда атуулдук коомдун өкүлдөрү элчилерге өлкөдөгү абал тууралуу маалымат беришти.

Ондогон элчилер, дипломаттык кызматкерлер менен өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн Бишкектеги “Төрт мезгил” аттуу кафеде бейформал кырдаалда жолугуштурууну ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү чечкен. Кайсы өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн чакырууну да ЕККУ өзү тандап алган.

Чакырылгандардын бирөөсү “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова кафеге келип, бирок ЕККУнун сый тамагынан баш тартып, “Бишкек шаардык кеңешинин Конституцияга каршы келген токтому жокко чыгарылсын”, “Шайлоону эл чечет, Рушайло менен Иманбаев эмес” деген сөздөр жазылган баракчаларды дубалга илип коюшту. Өз акциясынын себебин Төлөкан Исмаилова минтип түшүндүрдү:

- Биз бул жерге кофе, чай, сок ичкени келген жокпуз. Биз ЕККУнун урматтуу өкүлдөрүнө Кыргызстанда адам укуктарынын түздөн-түз тепселип атканын айткыбыз келет. Азыркы абалды өзгөртмөйүнчө эч качан Кыргызстанда адилет жана таза шайлоо болбойт. Ошондуктан Бишкек шаардык кеңеши Конституцияга каршы токтомун жокко чыгарыш керек, мыйзамсыз соттор токтотулууга тийиш.

Чет өлкөлүк элчилерге “Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо институнун” башчысы Топчубек Тургуналиев минтип кайрылды:

- Кыргызстандыктар үчүн быйылкы жылы бийликтин тынчтык жолу менен алмашуусу өтө маанилүү. Ошондуктан ЕККУнун байкоочуларды даярдап, тажрыйба алмашып жатканына ыраазыбыз. Бирок бийлик азыр ачык түрдө оппозиция лидерлерине каршы иштеп жатат. Президент Акаев өзү баштап оппозиция лидерлерине каршы үгүт жүргүзүп, агитация мөөнөтү башталганга чейин эле, декабрь айынын аягында өз кызы Бермет Акаеванын пайдасына үгүттөдү. Бишкек шаардык кеңеши болсо адам укуктарын чектеген токтом кабыл алды.

Кыргызстандын атуулдук коомунун өкүлдөрүнүн мындай акциясына эмнегедир нааразы болгон Россиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин ЕККУнун өкүлчүлүгүнүн, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдун дарегине үнүн көтөрө кайрылды:

- Эмне үчүн, урматтуу Мюллер мырза биз мына бул спектакльди көрүшүбүз керек. ЕККУ менен тышкы иштер министрлиги өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууну башка жерге уюштурса болбойт беле? Рушайлого кандай кинеңер бар? .

Ага карата Төлөкан Исмаилова "бул биздин ишибиз. Атуулдук укугубуз. Ал эми Россия шайлоолорду демократиялык мүнөздө өткөрүүгө жолтоо болуп келүүдө", деп билдирди. Элчи Шмагин ага далилди талап кылып, үнүн көтөрө сурады.

Топчубек Тургуналиев элчиге эскертүү жасап, аялзатына үн көтөрбөөнү өтүндү. Чатактын ырбап, жолугушунун аба-ырайы чыңалып баратканын туйган тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков ордунан туруп, жайгаруу сөзүн айтууга аргасыз болду:

- Бул жолугушууну ЕККУнун өкүлдөрү уюштурууну сураган. Биз ага каршы болгон жокпуз. Кайсы уюмду чакырууну ЕККУнун өкүлчүлүгү өзү чечти. Ал эми бул акцияны жасаган өкмөттүк эмес уюмдар биздин уюмдар. Мен алардын мындай акциясына комментарий берүүгө укугум жок. Бул окуя да бизде болуп жаткан жараяндардан кабар берет. Орус элчилигинин нааразылыгын да түшүнөм. Анткени бул жерде болгону сый тамак уюштурулуп атпайбы? .

Россиянын элчиси андан кийин баарынан эрте кафеден чыгып кетти.

Өкмөттүк эмес уюмдардын бул акциясы тууралуу “Эларалык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун төрайымы Рая Кадырова өлкөдө түзүлгөн өзгөчө кырдаал өкмөттүк эмес уюмдардын ушундай бир өзгөчө кадамдарга барууга мажбур кылып атканын билдирди. Батыш өлкөлөрүнүн элчилери ага түшүнүү менен мамиле жасап, нааразылык баракчалары менен таанышышты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG