Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

СОТТОР: БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР КӨЗӨМӨЛҮНДӨ


Азиза Турдуева, Бишкек. Бейөкмөт жана укук коргоо уюмдарынын ишмердүүлүгүндөгү башкы багыттардын бири - өлкөдөгү сот системасындагы реформасы, сот жараяндары, соттордун чечимдери боюнча көз карандысыз байкоо жүргүзүү. Бейөкмөт уюмдар соттордун кийинки мөөнөткө парламент аркылуу шайланышына чейин, алардын ишмердүүлүгү боюнча атайын отчетторду да даярдашууда. Алар парламентте Конституциялык жана Жогорку сотко сотторду шайлоо жана жергиликтүү судьялыкка президент тарабынан сунушталган талапкерлигин жактыруу мезгилинде бул отчетторун депутаттарга таратышат.

Айрым бейөкмөт уюмдар азыр, буга чейин, мындан кийин да, соттор тарабынан Конституцияга каршы, мыйзамдарга каршы кандай адилетсиз чечимдер кабыл алынбасын, андай сот чечимдерин чыгарган судьялар эртеби, кечпи, мыйзамдуу жоопкерчиликке тартылышат деп эскертишүүдө. Бул жөнүндө “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов мындай дейт:

Биз буга чеийн да, азыр да, сот системасында мониторингдерди жүргүзүүнү улантып жатабыз. Ар бир сот кандай иштеп, кандай чечим кабыл алып жактандыгы жөнүндө бизде маалыматтар чогултулуп жатат. Алардын баарын биз сотторду парламентте шайлоо, жана президент тарабынан сунушталган талапкерлерди жактыруу маселеси каралганда, депутаттарга таратабыз. Сот системасы адилеттүү болмоюнча, өлкөдө демократияны куруу мүмкүн эмес .

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев Кыргызстанда сот системасы бийликтен түздөн-түз көз каранды деген пикирин мындайча билдирди:

Мындан эки жыл мурда президент Кыргызстанда калктын 80 пайызы сот адилеттигине ишенбейт деп маалымдаган. Менин пикиримде, калктын 80 эмес, андан да көп бөлүгү сот адилеттигине ишенбейт. Анткени, сот жогорку жактан кандай буйрук берилсе, дайым ошондой чечим чыгарат. Ар бир демократиялык өлкөдө көз карандысыз үч бийлик бутагы болот, бирок, Кыргызстанда анын бири да жок. Качан гана Кыргызстанда азыркы бийлик алмашканда, сот системасы да өзгөрүшү мүмкүн.

Бир катар бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда сот системасын реформалоого саясий эрк жетишпейт деп эсептешет. Алардын көз карашында, өлкөдөгү башка тармактардай эле, сот системасы да коррупцияланган тармакка айланган. Буга байланыштуу “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова:

Өлкөдө бир тармак таза, калганы коррупцияланган болбойт. Биздин мамлекетте башка тармактардай эле, сот системасы да коррупцияланган тармакка айланды. Биздин өкмөт сот тармагында реформа жүргүзөбүз деп, чет өлкөлөрдөн көп эле жардамдарды алышты: акча, техникалык каражат түрүндө. Бирок, эл бул тармактагы жылыштарды сезген жок. Сот системасында чыныгы реформа жүргүзүлүшү үчүн, биринчиден, саясий эрк керек , - дейт Төлөйкан Исмаилова.
Төлөйкан Исмаилова ушундай оюн ортого салды.

Ал эми өлкөнүн Жогорку Сотунун төрагасы Курманбек Осмонов эгерде мурдагы Советтер Союзу мезгилинде сот көз карандвы болсо, азыр Кыргызстандагы сот системасы көз карандысыз ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду дейт:

Эми Советтер мезгилинде соттор көз каранды деп дайыма айтылып келчү. Бирок, чындыгында алар компартиядан толугу менен көз каранды эле. Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнө ээ болгондон кийин гана, өлкөдөгү сот системасы чыныгы көз карандысыз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. Сот тармагында акыркы жылдары бир топ ийигиликтер болуп, соттордун көз карандысыз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн шарттар түзүлдү .

Ал эми “Кыргызстан Юристтер Ассоциациясынын” мүчөсү Нурлан Садыков бүгүнкү күндө соттор бир катар себептер менен көп учурларда адилетсиз чечим кабыл алууга аргасыз деп, ал себептерге төмөнкүдөй токтолду:

Биринчиден, сотторго аткаруу бийлигинин кысымында турушат. Анткени, алар президенттин жардыгы менен эле кызматынан алынат. Ал эми аларды кызматтан бошотуу тартиби мындай оңой-олтон болушу керек эмес. Экинчиден, бул соттордун адистик деңгээлине да байланыштуу болот. Ар бир судьянын атуулдардын укуктарын коргоо боюнча атуулдук позициясы болушу керек, ал аткаруу бийлигине же парламентке көз каранды болбоого тийиш - деди адвокат Нурлан Садыков.

XS
SM
MD
LG