Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

ЛОРА КЕННЕДИ АСКАР АКАЕВ МЕНЕН ЖАБЫК ЭШИК АРТЫНДА СҮЙЛӨШТҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек. АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Лора Кеннеди бүгүн президент Аскар Акаев менен жабык эшик артында сүйлөштү. Байкоочулардын баамында, Американын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элчилерин ээрчитип келген Лора Кеннеди Кыргызстандын лидери менен алдыдагы шайлоолорго тиешелүү маанилүү маселелерди такташып чыкты. Айрым серепчилер соңку кезде АКШ менен Кыргызстандын мамилеси бир кыйла салкындап кеткенин айтышууда.

Лора Кеннеди Аскар Акаев менен жабык эшик артында сүйлөштү. Ага өкмөттүк массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да киргизилген жок. Байкоочулардын баамында, Кыргызстандагы шайлоолордун жүрүшү жана өлкөдө бийлик алмашуу кандай болору Лора Кеннеди менен Аскар Акаевдин жолугушуусунун башкы темасы болду. Айрым саясат талдоочулар соңку кезде Орусияга бат- бат каттап аткан мамлекет башчысынан АКШ бийлиги бетме- бет отуруп эң ириде Аскар Акаев өзү шайлоого катышар- катышпасын тактап, парламенттик жана президенттик шайлоолор адилет өтөт деген убадасын күтөрүн айтып жатышат. Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөсү, экс- министр Кулубек Бөкөнбаев Аскар Акаев өзү АКШнын адилет шайлоолор тууралуу сөздөрүнөн кийин андан алыстап, Орусияга ыктай баштады деген ойдо:
-Америка шайлоолор адилет өтсүн деген талап коюп атат да. Анан Аскар Акаев дагы бир мөөнөткө бара албайт, демократиялык жол менен бийликти өткөрүп берсин деп атат. Кыргыз бийлиги анын ичинде Аскар Акаев өзү да АКШ бийлигинин ушул сөздөрүнө таарынып атат. Соңку кезде Орусияга бат- бат каттап, Америкага «көрдүңбү, биз ким менен доспуз» дегендей кыр көрсөткүсү келип атат, -дейт Кулубек Бөкөнбаев.
Көпчүлүк байкоочулар акыркы күндөрү Кыргызстан менен Американын мамилеси салкындап кеткенин ырасташууда. Ага Украина менен Грузиядагы ыңкылаптар да таасирин тийгизди дешет серепчилер. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков эки өлкө ортосундагы мамиленин салкындай түшкөнүн Кыргызстандын Орусия менен ысык мамилесинен көрөт:
--АКШга соңку кезде кыргыз бийлигинин кайсы бир кадамдары жакпай калгандай. Париж клубу жарды өлкөлөрдүн миллиарддаган тышкы карызын жоюп берет, а Кыргызстандыкын создуктуруп эле келатат. Демек, Кыргызстан Америка койгон кайсы бир талаптарды аткара албай жатат. Ошондой эле Орусия менен өтө жакын мамилеси да Америкага жакпай турат көрүнөт, -дейт Акбөкөн Таштанбеков.
Анын пикиринде, АКШнын Кыргызстанда геосаясий кызыкчылыктары бар, андыктан бул аймакта Орусиядан кем эмес таасирге ээ бойдон калгысы келет. Ошол эле учурда АКШ Кыргызстан менен мурдагыдай эле тыгыз кызматташтыгын солгундаткан жок деген пикирлер бар.
Мамлекет башчысынын маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, эки өлкө ортосунда кызматташтык жакшы өнүгүп, АКШ ар тараптуу жардам берип келет:
-Кыргызстан менен Американын ортосунда өз ара толук түшүнүүчүлүк жана тыгыз кызматташтык сакталууда. Канчалаган жылдардан бери АКШ бийлиги жардамын аянбай келатат. Учурда Кыргызстанда демократия жана сөз эркиндиги сакталууда. АКШ менен бирдикте демократиялык жараянды бекемдөөгө багытталган чоң- чоң долбоорлор ишке ашырылып жатат. Мисалы, шайлоодо бармакка белги коюу ыкмасынын киргизилишин айта кетсем болот, - дейт Абдил Сегизбаев.
Анын айтымында, Кыргызстан чакан өлкө катары АКШ менен да, Орусия менен да кызматташууга даяр:
- Улуу өлкөлөрдүн кызматташар аймагы болуу менен Кыргызстан Кытай менен да, Орусия менен, Америка менен да ар тараптан кызматташып жатат. Кыргызстан чакан өлкө катары бардык улуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын тең алып кеткенге аракет жасап жатат, -дейт Абдил Сегизбаев.
Айрым байкоочулар АКШ Борбор Азияда таасирин мындан ары күчөтөт деп боолголошот. Профессор Рысбек Абдылдаевдин пикиринде, Американын жаңы мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын постсоветтик мейкиндик менен мыкты тааныштыгы АКШ бийлигине утуш алып келет:
-Американын жаңы мамлекеттик катчысы орус тилинде таза сүйлөйт. Москвада билим алган. Советтик политология боюнча диссертация жасаган. Жорж Буш бекеринен бул адамды тандап алган жок. АКШ бийлигинин Борбор Азия анын ичинде Кыргызстанда кызыкчылыктары көп. Кыргызстан – Борбор Азиянын жүрөгү. Андыктан Америка Борбор Азияда эмне кылса да таасирин күчөткөнгө далалат кылмакчы, -дейт Рысбек Абдылдаев.
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Лора Кеннеди шейшемби күнү Американын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элчилери менен Ысыккөл жээгинде жыйын курат.
XS
SM
MD
LG