Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:48

Монблан туннелиндеги кырсык боюнча сот иши ачылды


1999-жылдын мартында Франция менен Италиянын ортосундагы Монблан өткөөлүндө чыккан өрттөн 39 киши каза тапкан. Вольво жүк ташыгычынан башталды деп шектелген өрттү эки күндөн кийин гана өчүрүшкөн.

16 тарапка, анын ичинде швециялык машина жасоочу Вольво ишканасына, Белгиялык машина айдоочуга жана туннелдин франциялык жана италиялык операторлоруна киши өлтүргөн деген айып тагылууда.

Италиялык компания өткөн аптада курмандыктардын 220дан ашык урук-туугандарына 13 жарым миллион евро төлөп берүүгө макул болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG