Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Тажикстандагы жардыруунун террордук чабуул экени анык эмес


Бүгүн эртең менен Тажикстандын чукул абалдар министрлигинин алдында машина жарылып, ичинде отурган киши менен кошо дагы экөө набыт болду. Генерал Мирзо Зия биздин радиого жарылуунун катуу болгонуна караганда, дүрмөттөлгөн машина жардырылды деп шектенип жаткандыгын билдирди. Бирок Тажикстандын ички иштер министри Хомиддин Шарипов - Азырынча бизде эч кандай божомол жок, жарылуунун эмнеден болгонун билбейбиз, - деди. Жардыруудан бир нече саат өтпөй, Тажикстандын Коопсуздук министрлигинде өрт чыкты. Ички иштер министрлинин өкүлү өрт бузук аба салкындаткычтан башталганын, эч ким жапа чекпегендигин бышыктады. Дүйшөмбү калаасында аскер күчтөрүнүн саны көбөйгөнү кабарланууда.

XS
SM
MD
LG