Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

БОРБОР АЗИЯ: КАЗАК ЭКОНОМИКАСЫ ЛИДЕРБИ?


Венера Сагындык кызы, Прага. Казакстан өткөн жылдын экономикалык жыйынтыктары боюнча Борбор Азияда гана эмес, КМШ өлкөлөрү арасында да алдыга озуп чыкты. Ички дүң өндүрүшүнүн жылдык өсүшү 9,3%ды түздү. Кыргызстандыкы 7%дан ашып, Тажикстандын өсүшү, ырасми маалыматтар боюнча 10%дан ашып кеткени менен, серепчилер казак экономикасы азырынча чөлкөмдөгү башкы лидер экенин бир ооздон белгилешет.

Казакстан кантсе да КМШ өлкөлөрү арасында эң көп мунай өндүрүп экспорттогон өлкөлөрдүн бири. Кара майдын дүйнөлүк баасынын кымбаттап кетиши казак экономикасына оңбогондой эле олжо алып келди окшойт.Казакстандын банк сектору да кыйла бутуна туруп, эл аралык "Стандарт жана кедейлик" аттуу финансылык изилдөө агенттиги жакында казак банктары каражат-кубат жагынан КМШ ичинен Орусия менен Украинадан кийинки үчүнчү орунда турат деп билдирди. Кыргызстандын "Кабар" мамлекеттик агенттиги да ушул айдын башында казакстандык банкирлер Кыргызстандагы банктардын 50%ын көзөмөлдөйт деп жазып чыкты. Лондондогу Финансылык иликтөө борборунун аналитиги Энни Уолкер казак банктарынын артыкчылыктарына төмөнкүдөй токтолот.

- Казакстан финансы секторунда чоң ийгиликтерге жетишип, бул системасын эртерээк либералдаштыргандыктан, башка коңшулаш өлкөлөргө караганда банк тармагын бутуна тургуза алды. Туруктуу банк системасын түзө алгандыктан, Казакстан мунай жана башка тармактарына ири инвестициялар тарта алды.


Лондондук изилдөөчү ушундай пикирин айтканы менен, Казакстандын улуттук банкынын мурдагы төрагасы Ораз Жандосов жетишкендиктер менен катар кемчиликтер да көп экенине көңүл бурат.

- Албетте, алдыга жылыш бар. Чийки зат, мунайды сатуудан түшкөн долларлардын көбү кайра барып өлкөнүн ички муктаждыктарына жумшалып жатат. Ал акчанын баары болбосо да, жарымынан көбүрөөгү үйлөрдү, ресторан, башка коомдук жайларды курууга, керектүү товарларды ташып келүүгө жумшалууда. А бирок Казакстан азырынча дүйнөлүк дебей эле коелу, Борбор Азиялык деңгээлде экспорттолчу товар өндүрүп, же кызмат көрсөтүү жагын таптакыр өнүктүргөн жок, -
дейт Алматалык мурдагы башбанкир Жандосов.


Андан сырткары жергиликтүү адистер Казакстандын өнөр жайдан кийинки экинчи башкы тармагы – айыл-чарбасы да өкмөттүн чабал реформаларынан улам дээрлик бутуна тура албай жатканын айтышат. Калкынын жарымынан көбү айыл-кыштактарда жашагандыктан, бул маанилүү тармак да келээрки жылдары казак экономикасын артка тартчу жагдайга айланышы мүмкүн.


Америкадагы "Мурас" фонду ушул айдын башында эл аралык экономикалык иликтөөсүнүн жыйынтыктарын жарыялап, Казакстан менен Кыргызстанды "экономикасы эң эркин эмес" өлкөлөрдүн тизмесине кошту. Борбор Азиядагы постсоветтик калган үч өлкө - Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан – андан да начар, "өкүмзорчул экономикалуу" мамлекеттер катары бааланды. Эл аралык адистердин айтымында, чөлкөмдөгү өкмөттөр ушу тапта "жапайы эркин экономикасын жеке кызыкчылыктарына баш ийген зордукчул ыкмалар" менен башкарууда.
XS
SM
MD
LG