Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

БОРБОР АЗИЯ БАҢГИ ЗАТТАРГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТӨ ЭЛЕК.


Төрөкул Дооров, Прага. Азияда, негизинен, баңги затын өндүрүүчү эки регион бар. Түштүк Азиядагы мамлекеттер Муанмар, Лаос жана Тайланд көптөн бери “Алтын үч бурчтук” катарында белгилүү. Ал эми “Алтын жарым ай” деп аталган дагы бир регион өзүнө Иранды, Пакистанды жана Ооганстанды алат. Акыркысы бир топ жылдардан бери дүйнөдө эң негизги апиим өндүрүүчү катарында белгилүү.

Борбордук Азия мамлекеттери Ооганстандан Европага карай агылып жаткан баңги заттарды жолунда кармап, буга каршы күрөшүү каалоосун байма-бай билдирип келет. Айрым эксперттердин ишениминде, бул мамлекеттер, эң алгач, өзүлөрүндөгү улуттук “Алтын үч бурчтукка” көңүл бурушса, дурус болмок.
Бириккен улуттар уюмунун Маң заттарга жана кылмыштуулукка каршы кеңсесинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Ооганстанда 4200 тонна апиим өрдүрүлгөн. Бул – жалпы баңзи зат өндүрүшүнүн 87%зын түзөт.

Славомир Редо жогоруда аталган кеңсенин ырасмий өкүлү жана “Борбордук Азиядагы уюшулган кылмыштуулук жана аны башкаруу” аталышындагы китептин автору. Анын айтымында, Борбордук Азия мамлекеттери Ооганстандын маң заттарын таркатууга өтө тездик менен тартылып баратат.

- Борбордук Азия маң заттарды ташып эле калбастан, аны колдонууда да башкы рынокко айланып баратат. Бул жагдай ушул бойдон сакталып тура берсе, элдин социалдык турмушуна жана мамлекеттик башкарууга чоң зыян келтирет.

Жогоруда “Алтын үч бурчтук” деп аталган мамлекеттер – Муанмар, Лаос жана Тайландда – баңги аткезчилигине каршы күрөшүү жаатында чоң тажрыйбасы бар. Эксперттердин айтымында, Борбордук Азия мамлекеттери өздөрүнүн түштүк азиялык кызматташтарынан бул жаатта үйрөнө турган тажрыйба көп.

Швециядагы Аппсала университетинде Жибек Жолу программасынын директору, маң заттар боюнча эксперт Никлас Суанстромдун айтымында, баңги заттарын ташууга каршы күрөштү чек-араны бекемдөөдөн баштоо зарыл. Мисалы, “Алтын үч бурчтукка” коңшулаш Кытай дал ушул багытта иштеди.

- Мисалы, Бирманын коңшулары өздөрүнүн чек-араларын бекитип салышкандан кийин андан маң заттарды ташуу алда канча азайгандыгын көрдүк. Кытай Бирмага баңги зат ташууга каршы күрөштө жардам берип жатат. Бул – эки тараптуу аракет. Ал эми Борбордук Азияда же Ооганстанды биз эч качан эки тараптуу аракеттерди көрө элекпиз, - дейт швециялык эксперт Никлас Суанстром.

“Негизи, эки тараптуу күрөш деле бул бизнести толук токтотуп койо албайт” дейт ал. Бир катар мамлекеттер ичинде жүрүп жаткан мыйзамсыз алакага жалпы улуттар аралык каршы күч колдонулушу керек”.

Канткен менен, Суанстром Борбордук Азия өлкөлөрү баңги ташууга каршы кичине болсо да күрөшүү каалоосун билдиришкендигин айтат. Анын пикиринде, региондогу мамлекеттерде өздөрүнүн көз карандысыздыгын жоготуп койуу коркунучу бар. Бирок мындан да башка себептер арбын.

- Ооганстан менен Борбор Азия мамлекеттери? Ошондой эле Иран ортосунда маң заттарды ташууга каршы багытталган көп аракеттер кагаз бетинде калып жатат. Бул жагдай аткезчилер тарабынан жакшы колдонулуп жатканы айкын. Айрым транзиттик каттамдагы мамлекеттер жана Ооган өкмөтүнүн айрым өкүлдөрү маң заттарды ташуу бизнесине өздөрү да кирип кеткен көрүнүштөр бар. Ал эми Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстандын ырасмий бийликтери бул аракеттерге катыштыгы жоктугун айтканы менен баңгини ташуудан калып жаткан кирешеге каршы эмес. Ошентип, бул аракеттерден көпчүлүк пайда көрөт, демек, катуу күрөшүү каалоосу деле жок, - деп эсептейт Никлас Суанстром.

Улуттар уюмунун Баңги заттарга жана кылмыштуулукка каршы кеңсеси билдиргендей, 2003-жылы Борбор Азияда 8 тонна маң зат кармалган.
XS
SM
MD
LG