Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

Евробиримдик Украина менен кызматташтыгын күчөтөт, бирок мүчөлүк жөнүндө азырынча сөз жок


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украина менен кызматташтыкты күчөтүүнү караган программаны жактырды. Бирок министрлердин Брюсселдеги кечээги жыйынында кабыл алынган программада Украинанын Евробиримдикке жакында кошулуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтылган эмес.

Британиянын Европа иштери боюнча министри Денис МакШейн белигилегендей, бул маселени Украинада экономикалык реформалар жүргүзүлүп, коррупцияга каршы күрөшүү үчүн натыйжалуу чаралар киргизилгенде гана талкуулоого болот.


Евробиримдиктин министрлери ошондой эле Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү аракеттерин колдоону чечти. Мындан сырткары украиналыктардын Евробиримдиктин өлкөлөрүнө виза алуу тартибин жөнөкөйлөштүрүү мүмкүнчүлүгү да каралат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG