Линктер

жекшемби, 30-апрель, 2017 Бишкек убактысы 17:15

Казакстанда оппозициянын беш активисти сот жообуна тартылды


Казакстандын демократиялык тандоо партиясынын адвокаты Евгений Жовтистин билдиргенине караганда, өткөн ишембиде Алматыдагы нааразылык акциясына катышкандардын бешөө 5 тен 7 күнгө чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Мурдараак казак соту тарабынан аталган партия өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген деген жүйөө менен жабылган.

Бир миңден ашык адам келген митинг соттун ушул чечимине каршы өткөрүлгөн эле. КДТнын өкүлдөрү келерки күндөрү дагы нааразылык акциялары болорун эскертишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG