Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Израил менен Палестинанын өкүлдөрү коопсуздук маселесин талкуулады


Тель-Авивдин жанында Израил тараптан коргоо министри Шауль Мофаз, палестин тараптан коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мохамед Дахлан жетекчилик кылган сүйлөшүүлөрдүн соңунан эч кандай билдирүү жасалган жок.

Анда Иордандын Батыш жээгиндеги шаарларды палестин коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүнө берүү мүмкүнчүлүгү да талкууланары күтүлүп жаткан болчу.

Жолугушуу алдында жөөт аскерлери менен палестин согушкерлери ортосунда бир нече күндөн бери сакталып турган бейрасмий тынчтыкты бузчудай жаңы окуя орун алып, Рафах качкындар лагеринде белгисиз октон палестиналык кыз каза тапкандан кийин согушкерлер Газа секторундагы жөөт конушун ракета жана минемот менен атышкан. Израил армиясы өспүрүм кыздын өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирди.

Айрым кабарларга караганда, Израилдин премьер- министри Ариэль Шарон менен Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас эң эрте дегенде ушул аптада жолугушуусу мүмкүн.

Мунун аралыгында Махмуд Аббас жана Орусия президенти Владимир Путин Москвада кол коюлган биргелешкен декларацияда жөөт- палестин тынчтык сүйлөшүүлөрүн тез жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG