Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Иракта жаңы өкмөттүн курамына бардык топтордун, анын ичинде сунниттердин кирүүсү маанилүү


Учурда Иракта жекшембидеги жалпы элдик шайлоонун добуштары саналып жатат. Эл аралык коомчулук шайлоонун өтүшүн кубаттаса, АКШ менен Ирактын бийликтери анын козголоңчулардын жеңилиши катары баалашты. Шайлоонун жыйынтыгында жеңип чыгары күтүлүп жаткан шийит саясатчылары өлкөнү башкаруу жараянына сунниттерди да аралаштырууну убада кылууда.

Ирактын жаңы өкмөтүнө баардык тайпалардын, анын ичинде сунниттердин кириши маанилүү экенин НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Схеффер да белгиледи:

-Менимче бул - чечүүчү нерсе. Премьер министр Аяд Аллави айткандарга кошулам кээ бир сунниттер добуш берүүгө барганы менен алар жашаган аймакта шайлоого катышуу көрсөткүчү төмөн болгонуна карабай, жаңы өкмөт курулганда анда ирак коомундагы баардык тайпалардын өкүлдөрү болот.

Британ тышкы иштер министри Жек Стронун билдиргенине караганда, Британия Ирактын жаңы улуттук ассамблеясына эл аралык кандай колдоо көргөзүлөрүн аныктоо үчүн Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөр менен Иракка коңшу мамлекеттердин жыйынын эртерээк өткөрүүнү чакырат.

Эл аралык кубаттоого карабай, сунниттердери ири уюму- Мусулман аалымдарынын комитети шайлоону "жалган" жана калктын 57%ы катышты дегенди "апыртылган" маалымат деп атады.

XS
SM
MD
LG