Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

МАРКУС МЮЛЛЕР: «АСКАР АКАЕВ УБАДАСЫНА ТУРУП, ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙТ ДЕП ОЙЛОЙМ»


Бакыт Аманбаев, Бишкек Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн элчилеринин Кыргызстандагы эки күндүк иш сапары карыды. Алар шейшемби күнү журналистер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Уюмдун Кыргызстандагы борборунун жетекчиси Маркус Мюллер президент Аскар Акаевдин быйыл бийликтен кетээрине ишене турганын билдирди.

«Жолугушуу учурунда биз парламенттик шайлоого даярдыктар жана өлкөдөгү саясий кырдаал менен толук кабардар болууга аракет жасадык», - деди ЕККУнун Кыргызстандагы борборунун жетекчиси Маркус Мюллер.

Уюмдун Адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун Кыргызстандагы шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча миссиясынын жетекчиси Копай Любомир Кыргызстандын парламенттик шайлоого даярдыгы жөнүндө мындай деди:

- Биз Кыргызстандагы шайлоого алдын ала баа бере албайбыз. Шайлоо тууралуу кандайдыр бир маалыматты шайлоо аяктагандан кийин гана беребиз. Эгерде биз шайлоого чейин кандайдыр бир билдирүү жасай турган болсок, ал шайлоо жараянына кийлигишүү болуп калышы ыктымал. Айтып кетүүчү нерсе, биз шайлоого даярдыкка абдан дыкаттык менен байкоо жасадык. Мурдагы элчилердин шайлоого катыштырылбай калышына, айрым оппозиция лидерлери соттолуп, аларга администртивдик айып салынгандыгы жана башка ушу сыяктуу көрүнүштөргө күбө болдук. Мунун барын биз шайлоо бүткөндөн кийин жасаган отчетубузга жазып, коомчулукка жарыялайбыз.

Парламенттик шайлоого бир катар элчилердин катыша албай калышына уюмдун Кыргызстандагы борборунун жетекчиси Маркус Мюллер мындайча оюн билдирди:

- Менин оюмча, бул маселе өлкө мыйзамына ылайык чечилди. Тагыраак айтканда, парламент ушундай мыйзам кабыл алган, биз ага кийлигише албайбыз.

Маркус Мюллер мырза «Азаттык» радиосунун «Кыргызстанда быйыл бийлик алмашабы?» деген суроосуна мындайча жооп берди:

- Аскар Акаев мага өзү «мен президенттик шайлоого катышпайм» деп айткан. Ушундай эле убадасын ал Германияда жана башка жерлерде дайыма эле кайталап жүрөт. Ошондуктан мен Аскар Акаев чындыкты сүйлөгөн адам деп эсептейм жана өз сөзүнө туруп келечекте шайлоого катышайт деп ишенем.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоого Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунан узак мөөнөткө 34, кыска мөөнөткө 170, ал эми КМШ өлкөлөрүнөн кыска мөөнөткө жүзгө жакын байкоочу катышат.

XS
SM
MD
LG