Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Майкл Жексон сотто жооп берип жатат


САНТА-МАРИЯ. Америкалык атактуу ырчы Майкл Жексондун үстүнөн Калифорния штатында башталган соттун биринчи күнү аяктады. Ырчыга 13 жаштагы баланы алдап, ага бачабаздык кылууга аракет кылган деген айып коюлуп жатат. Майкл Жексон ал баланы рак оорусунан жабыркайт экен деп, өзүнүн жанына - "Невеленд" деп аталган менчик чарбагында кармап келген. Сотко Майкл Жексон аппак кийинип, кара көз айнек тагынып келди, аны Европадан жана Кошмо Штаттарынын булуң-бурчтарынан келген музыка ышкыбоздору тосуп алышты. Сот эгерде ырчыны күнөөлүү деп тапса ал 20 жылдан кем эмес убакытка түрмөгө камалышы ыктымал. Сот иши 6 жылга созулат деп айтылып жатат.

Эларалык соңку жаңылыктарды Прагадан Кубат Оторбаев даярдады.

XS
SM
MD
LG