Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Махмуд Аббас Түркияга келди


АНКАРА. Палестин президенти Махмуд Аббас Москвадан кийин Түркияга келди. Ал Анкарада түрк президенти Ахмед Сезарь менен жана премьер-министри Тайып Эрдоган менен жолукмакчы. Буга чейин Түркия бир нече жолу Израиль-палестин чатагына ортомчу болууга өз кызматын сунуштаган болчу. Анкарада Махмуд Аббастын президент болуп шайланышы менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаал өзгөрөт деген үмүт пайда бар. Өткөн жылы түрк премьер-министри Тайып Эрдоган Израилди палестиндерге каршы мамлекеттик террор колдонуп жатат деп айтып жиберип, катуу сынга кабылган. Ошого карабай эки мамлекет кызматташтыкты улантып жатышат. Атап айтканд бүгүн Израиль менен Түркиянын коргоо министрлери жолугуп, аскердик алаканы чыңдоо багытында сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

XS
SM
MD
LG