Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Ташкенде пикет өттү


ТАШКЕН. Өзбекстандын оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар бүгүн Ташкенде нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар казак-өзбек чегарасына жакын жайгашкан 40тай адамдын там-ташы бузулганы үчүн өкмөттөн компенциясы талап кылышты. Өткөн аптада өлкөнүн коопсуздук күчтөрү коопсуздук чараларын чыңдоо максатында деп чегарага жакын жашаган тургундардын үйүн бузуп салган. Бирок оппозициянын айтымында өкмөт адамдардын жеке мүлкү үчүн акча төлөп берүүдөн баш тартып жатат. Бийлик өкүлдөрү нааразылык акциясына чыккандардын талаптарын иликтеп көрүүгө сөз беришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG