Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Германиянын президенти Израилде


ИЕРУСАЛИМ. Бүгүн Германиянын президенти Хорст Көллер Израилге келди. Анын сапары эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 40 жылдыгына арналды. Көллердин администрациясынын айтымында президент бул сапары менен Экинчи дүйнөлүк согуш убагында нацисттик лагерлерде кырылган жөөттөрдин элесине таазим кылуу максатын көздөйт. Немис президенти холокостун курмандыктарынын элесине арналган музейге барат. Мындан тышкары премьер-министр Ариэль Шарон менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана парламентте сүйлөйт. Бирок Израилдин айрым депутаттары, анын ичинде вице-спикер Данни Наве президент Хорст Көллердин Кнесетте немис тилинде сүйлөмөкчү болуп жатканына катуу каршы чыгып жатышат. Алардын пикиринде жөөт парламентинде немис тилинин жаңырышы адепке жатпаган окуя. Өткөн аптада Освенцим концлагеринин бошотулушунун 60 жылдыгына катышкан президент Көллер моралдык жактан туура эмес деп сөз сүйлөгөн эмес болчу.

XS
SM
MD
LG