Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

ЕККУ элчилеринин сапары карыды


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин шайлоо алдындагы кырдаал менен таанышуу үчүн Кыргызстанга келген элчилери менен шейшембиде жолугушту. Анда А.Акаев парламенттик шайлоого даярдык тууралуу кеңири маалымат берди. ЕККУга мүчө мамлекет элчилери ушул күнү Кыргызстандагы эки күндүк сапарын аяктап, маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алар шайлоого даярдыктын жүрүшүнө баа бере алышпасын, жеке көз караштары шайлоо процессине таасир берерин жарыя кылышты. Ал эми Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы борборунун жетекчиси Маркус Мюллер «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда президент Аскар Акаев буга чейинки жолугушууларында кезектеги президенттик шайлоого катышпайм деп айткандыгын жана ага эл аралык коомчулук ишене тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG