Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Экс-консул талапкер боло албай калды


БИШКЕК.1-февралда Борбордук Шайлоо комиссиясы № 61 Ысыката округдук комиссиясынын Болот Шамшиевди депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечимин күчүндө калтырды. Буга Болот Шамшиевдин 2000-2002-жылдарда Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы консулу болуп иштегендиги негиз берди. Округдук комиссия кинорежиссер Болот Шамшиевди Шайлоо Кодексинин 69-беренесинин 1-пунктуна ылайык талапкер кылып каттоодон 23–январда баш тарткан. Ага макул болбогон Шамшиев Борбордук Шайлоо комиссиясына кайрылган. Комиссия болсо консулдук кызмат дипломатиялык кызматтын катарына кирет деп тапты. БШК бул күнү тутумуна 7 саясий партия кирген «Кыргызстан элдик кыймылын» шайлоо блогу катары каттоо маселесин караган жок. Буга кыймылдагы Кыргызстан коммунисттер партиясынын кыймылга кирүү чечими партиянын курултайында эмес президиумунун отурумунда кабыл алынгандыгы жана каттоого алууга зарыл документтердин даяр эместиги түрткү болду.

XS
SM
MD
LG