Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

KЫТАЙ: МИГРАНТТАР ЖАШООСУНУН ООШ-КЫЙЫШТАРЫ


Экономика кайда баратканын айлык-маянанын төлөнүш шартынан боолголосо болот. Бул нерсе Жаңы Жыл фестивалын майрамдап жаткан Кытайдын мисалынан айрыкча даана байкалат. Жүз миңдеген ички мигранттардын бир катары жаңы жылдын алдында айлыгын алып, туулуп-өскөн жерине кайтышат, бирок жумушчуларын жоготкусу келбеген иш берүүчүлөр алардын айлыгын төлөбөй коюп, мигранттар асынып өлөбүз деп коркутканга чейин барган учурлар катталууда.

Эгер сиз бүгүн Кытайда жүргөн болсоңуз, элдердин улуу көчү башталгандай туюлмак. Жылыга январ-феврал айларына туура келген Жаз фестивалында өлкөнүн темир жолдору, чоң жолдор, аба каттамдары орто эсеп менен 1 миллиард 800 миллион кишини ташыйт.

Кытай кийинки жылдары "дүйнөлүк фабрика" деген атакка конбодубу. Мына ушул фабриканын майда бөлчөктөрү болгон жүз миңдеген мигрант жумушчулар Жаз Фестивалын чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени иш берүүчүлөр адатта ага чейин төлөнбөгөн айлыктарын төлөп беришет. Жыл бою маңдай тери менен иштеп тапкан акысын алып, жумушчулар үйлөрүнөкайтышат.

Бирок, жумушчулардын укуктарын коргогон активисттердин айтымында, быйылкы Жаз фестивалында бул үмүттүүлөрдүн бир тобунун үмүтү таш кабат шекилдүү. Ал эми айлыгын ала алгандар үйүнө кеткен бойдон кайтып келбей калышат. Демек, башка жагдайлар менен катар иш шартынын начардыгынан улам күчөп жаткан жумушчу күчүнүн тартыштыгы дагы тереңдемекчи.

Айлыкты кечиктирип төлөө Кытайда мыйзамга каршы келет, бирок бул айыл жерлеринен байманалуу түштүк жана чыгыш аймактарга агылган 100 миллион жумушчунун башында турган кадыресе көрүнүш. Кытай өкмөтү былтыр жумуш берүүчүлөрдүн аклык-маяналар боюнча карызы 12 миллиард доллар экендигин эсептеп чыккан. Кызыктуусу, иш берүүчүлөр ач көздүктөн эмес, жумушчуларды кетирбей кармап калуунун аргасынан ушул кадамга барышат.

Жаз Фестивалынын алдындагы саякат сезону өткөн аптада башталды. Ал эми майрамдык дем алыш күндөр 7-11-феврал күндөрүнө туура келет. Бирок, азыртан эле маалымат каражаттарында иш берүүчүлөр айлыгын төлөбөй койгондон улам үйлөрүнө кайта албай калган жумушчулар тууралуу аңыз кеп, кат-кабарларга толуп чыкты. Башка кабарларда айрым жумушчулар айлыгын өз убагында алып, үйлөрүнө кайтып кетип жатышканы айтылат.

Гон-Конгдогу Шаардык университеттин изилдөөчүсү Стефан Фрост түштүк Кытайда айлыгын төлөттүрүп алуунун аргасынан асынып өлөбүз деп коркуткан жумушчулар бар деп белгилейт.

Курулушта иштегендерге айрыкча кыйын, жумушу оор болсо, айлыгын убагында ала албаса, жашоодон кечкендерин да түшүнүү мүмкүн.

Шенжеңде Лиу Каймиң мигрант жумушчуларга көмөк көрсөткөн Заманбап Байкоо Жүргүзүү Институту деп аталган бейөкмөт уюмда иштейт. "Көп кишилер айлыгын ала алышпайт, быйыл өткөн жылдан кандай болгонун айта айтыш эрте, бирок жумуш шарты жакшырып келатат" дейт активист.

Кытайда кесиптик кошуундардын кадыр-баркы өсүп баратат, иш таштоо акциялары сейрек эмес. Өкмөт айлык акыны өз убагында төлөгүлө деп ишкана-зоотторго кысымын күч алдырууда. Ушул шартта Кытайдын түштүгүндө негизинен мигрант жумушчулардын эсебинен күн көргөн ишканаларда кырдаал жакшырат болуш керек деп билдирди Лиу Каймиң. Бул фабрикаларда жумушчу күчү жетишпейт, бул да жумуш шартын жакшыртып, айлык-акыны көбөйтүүгө жагымдуу шарт түзүүдө.

Кытайдын Жумуш жана Социалдык Коопсуздук министрлигинин өткөн күздө жарык көргөн отчетунда айтылгандай, миллиондогон мигрант жумушчулар оор шартта, жарытылуу айлыкты да убагында ала албай иштегенден көрө, ачка болсо да, үйүндө отурганга ык алышууда. Бул өзгөрүш өнөр-жайлуу аймактарда жумушчу күчүнүн тартыштыгын күчөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG