Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

ЭЛГЕ БЕРГЕН КУРУТТАН ЭКС- ЭЛЧИЛЕРДИ КУРУТКАН


27-февралда өткөнү жаткан Кыргызстандагы парламенттик шайлоого талапкер болууну каалаган жарандарды каттоо иштери шейшембиде соңуна чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин такталган тизмесин жакынкы күндөрү жарыялоону убада кылууда. Катталган талапкерлер 2-февралдан баштап үгүт иштерине киришет.

Конституциянын жаңы редакциясына жана жаңы «Шайлоо кодексине» ылайык бир палаталуу Жогорку Кеңешке депутаттар бир мандаттуу округдар аркылуу шайланышат. Ага жараша талапкерлерди каттоо жарандардын өздөрүнүн арыздарына жана саясий партиялардын сунуштарына ылайык жүрдү.

31-январдагы маалыматка караганда, каттоого алынган 427 талапкердин 41и аял талапкерлер. 74 талапкер саясий партиялардан көрсөтүлдү. Бирок, оппозициялык саясий партиялардын лидерлери арызды уюмдун эмес, өзүнүн атынан берүүнү катталууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берген жол катары баалашып, ушул жолду тандашты.

Анткен менен парламентке талапкерлерди каттоо учурунда коомчулуктун өзгөчө көңүлүн буруп, резонанс жараткан окуя катары байкоочулар мурдагы элчилер Медеткан Шеримкуловдун, Роза Отунбаеванын, Үсөн Сыдыковдун жана Мамбетжунус Абыловдун шайлоого талапкер катары катталбай калышын белгилешүүдө.

Округдук шайлоо комиссиялары мындай чечимдерди «Шайлоо кодексинин» 69 - беренеси менен негиздеп чыгарышты. Элчилердин арыздарынын негизинде бул маселени караган соттор да шайлоо комиссияларынын чечимдерин мыйзамдуу деген чечим чыгарышты.

Элчилер жана алардын тарапкерлери мындай тыянакты саясий тапшырма дешип, бул өз кезегинде нааразылык акцияларга алып келди.

БШК акыркы отурумунда Бириккен Араб Эмиратынын башкы консулу болуп иштеп келген Болот Шамшиевди каттоо мыйзамсыз деген чечимге келди. Отурумда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Екатерина Быцко:

- Өкүнүчтүүсү – бул жобо туура эмес. Бирок, бул жобону биз кабыл алган эмеспиз. БШК же округдук шайлоо комиссиясы кабыл алган эмес. Ошондуктан, биз бул жобону бирөөлөр үчүн колдонуп, экинчилер үчүн колдонбой кое албайбыз.

Бирок, Болот Шамшиев өзү бул чечимди бийликтин бут тосуусу катары баалады:

- Аларга Акүй жана атайын кызматтар катуу буйрук берген, Шамшиевди шайлоого жолотпогула деп.

Парламентке талапкер катары президент Аскар Акаевдин уул-кызынын катталышы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан дагы бир урунттуу окуялардын бири болду.

Президент Аскар Акаев «Независимая» гезитине берген интервьюсунда балдарынын саясий айдыңда өздөрүн сыноо аракеттерин колдоорун билдирген. Ага кошумча талапкер катары бул шайлоого саясатчылардан премьер министр Николай Танаевдин, президенттик администрация башчысы Тойчубек Касымовдун, экс-элчилер Медеткан Шеримкуловдун, Үсөн Сыдыковдун балдары да катыша турган болушту. Ал эми айрым байкоочулар мындай көрүнүш Кыргызстандын аброюн көтөрбөйт дешет. Маселен, «Сезим» борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулованын пикиринде:

- Туугандары коюп атат, балдары коюп атат. Эми ата-эне балдарынын күчүн билишет да. Анан бири-бирине эрегишип, тиги деле коюп атпайбы, бу деле коюп атпайбы дебей элди ойлошсо болмок. Парламентке барган 75 киши Кыргызстандын тагдырын чечет.

Бирок, президент Аскар Акаев шайлоо акыйкат өтөрүнө бекем ишенет. Мындай пикирин ал облустарды кыдыруу учурунда да, түз эфирге чыкканда да айтты:

- Бул - биз өлкөдөгү шайлоону тынч өткөрөрүбүздүн өбөлгөсү, - деген президент Акаев 25-январда түз эфирде сүйлөгөн сөзүндө.

Анткен менен парламентке талапкерлерди каттоо калыс жүргөн жок деп эсептеген жергиликтүү байкоочулар парламенттик шайлоонун акыйкат өтөрүнө анча ишенишпейт. Кыргызстанда жүргөн узак мөөнөттүү байкоочулар болсо шайлоого байланышкан байкоолору менен добуш берүүдөн кийин гана бөлүшөрүн билдирип жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG